Абдуллах Гүл Кемал Кылычдароглу менен да жолугушту
Президент Гүлдүн коштошуу сапарлары уланууда.
Кызмат мөөнөтү 28-августта аяктай турган президент Абдуллах Гүл коштошуу сапарларын бүгүн да улантып, «Жумурият Элдик» партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу менен жолугушту. Жолугушуу жарым саатка созулду.
Президенттин жакын арада «Улуттук кыймыл» партиясы жана «Элдердин демократиялык» партиясына коштошуу сапарын жасашы күтүлүүдө.
Президент Гүлдүн Генштабдын төрагасы армия генералы Неждет Өзел менен эртең жолугушуусу пландалып жатат.
Бир тараптан Гүл, 12-19-август күндөрүнүн арасында Чанкая сарайында коштошуу иретинде эки жолу рецепсия өткөрөт.
Гүл биринчи рецепсияда мамлекеттик жетекчилерди, экинчи рецепсияда болсо чеберлер, жазуучулар, журналисттер, жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана ишкерлерди тосуп алат.
Тектеш кабарлар
Эрдогандын Европа күнүнө карата кайрылуусу
Президент Режеп Таййип Эрдоган Европа күнүнө карата кайрылуусун жарыялады.