Түркияда шайлоо үгүттөөлөрү жүрүп жатат

Президенттикке талапкерлердин шайлоо иш-чаралары өлкөнүн ар башка жеринде уланды.

78015
Түркияда шайлоо үгүттөөлөрү жүрүп жатат

Президенттикке талапкер жана премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган шайлоо иш-чараларын кечээ Балыкесир жана Измирде улантты.
Чогулган элге кайрылган Эрдоган эми жаңы Түркия пайда боло турганын, дүйнөгө «мен дагы бармын»- дей турганын, максаттары, көздөгөндөрү жогору Түркия боло турганын айтты.
Эрдоган: «10-августта жалгыз гана бир тең салмактуулук көздөлөт, ал да улуттун тең салмактуулугу. Улут эмне десе ошол болот»,-деп айты.
Премьер-министрдин күн тартибинде Израилдин Газада улантып жаткан кол салуулары да бар эле.
Эрдоган Израил Газада Гитлерден кем калбаган кыргын салып жатканда, Жакынкы Чыгышка дагы дүйнөгө дагы тынчтык келбей турганын кайталады.
Премьер-министр Эрдоган: «Эл аралык коомчулук Израилдин укук тааныбаган, геноцид сүйүүсүнүн сөзсүз жолун торошу керек»,-деди.
Президенттикке талапкер Экмеледдин Ихсаноглу да кечээ Хатайда айрым бейөкмөт уюмдар менен жолугушуу өткөрдү.
Элдин ынтымактуу, уюлдашуудан алыс жашоону каалаганын белгилеген Ихсаноглу, президенттин бардык саясий көз карашка бирдей караган, ар кимге урмат сыйлуу мамиледе болушу керектигин айтты.
Президенттикке талапкер жана Калктардын деморкатиялык партиясынын тең төрагасы Селахаттин Демирташ да кечээ Бингөл жана Тунжелиде жарандарга кайрылды.
Демирташ Түркиянын ар бир жеринде көргөндөрү «жаңыча жашоо чакырыгына» чоң толкундануу жана ээ болуу экендигин айтты.
Бир тил, бир дин, бир улут сөзүн сындаган Демирташ, Түркияынын өнүккөн келечекке жалгыз тууганча жашоо менен жете турганын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар