Эршад Салихи Анкарада жолугушууларды өткөрдү

Давутоглу түркмөндөр тууралуу Түркиянын мамилесинин так экенин белгиледи

77298
 Эршад Салихи Анкарада жолугушууларды өткөрдү

Ирак түркмөн фронтунун төрагасы Эршад Салихи түркмөндөрдүн акыркы абалын сүйлөшүү үчүн Анкарада жолугушууларды өткөрдү.
Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу менен жолугушкан Салихиге Түркиянын ар дайым түркмөндөрдүн жанында экенин дагы бир жолу эскертти.
Ирак түркмөн фронтунун төрагасы Эршад Салихи кечээ оболу тышкы иштер министрлигинин кеңешчиси Феридун Синирлиоглу менен жолугушту андан кийин кечки сааттарда тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу менен да жолугушту. Биргелеше өткөрүлгөн маалымат жыйында Давутоглу түркмөндөр тууралуу Түркиянын мамилесинин так экенин белгиледи.
Давутоглу Ирактагы түркмөндөрдүн эгерде бир муктаждыгы бар болсо, бул муктаждык канча болсо болсун камсыздалышы Түркиянын алдыңкылык берген милдети экенин белгилеп : «Ирак түркмөндөрү жалгыз эмес жана гуманитардык жардам тууралуу кандайдыр бир жерге кайрылууга мажбур эмес»,- деди. Давутоглу Иракта үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон түркмөндөр үчүн Фишабурда 40 миң кишилик лагердин курулганын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар