Премьер - министр Эрдогандын шайлоо митинги

Премьер – министр Эрдогандын майрамдан кийинки барган эки жери Ван андан кийин Мардин болду

76341
Премьер - министр Эрдогандын шайлоо митинги

Президентикке талапкер премьер – министр Р. Т. Эрдоган президенттик шайлого он күн калганда шайлоо иш чараларын ылдамдатты. Премьер – министр Эрдоган 10 - августка чейин күн сайын эки шаарда митинг өткөрөт. Премьер – министр Эрдогандын майрамдан кийинки барган эки жери Ван андан кийин Мардин болду.
Премьер – министр Р. Т. Эрдоган расмий унаасын колдонбостон Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын автобусун колдонду. Ванда жарандар абдан чоң кызыгуу менен тосуп алган Эрдоган Израилдин Газадагы кол салууларына дагы бир жолу катуу каршылык көрсөттү.
Эрдоган : «Америка еврей конгресси мага берген сыйлыгын кайра алууну каалап жатат. Эгерде бул зулумдукка, бул кыргынга, бул хитлердик фашизмге, балдарды өлтүргөн режимге колдоо берип жаткан болсоңуздар алгыла сыйлыгыңарды. Бул балдардын жер – көктү жаңырткан айкырыгы эч качан жоопсуз калбайт»,- деди.
Эрдоган чечүүчү жол процессине да октолду. Акыркы 12 жылда басылып өтүлгөн жолду эске салды. Эрдоган : «Энсар фонду абдан маанилүү бир ишке кол койду. Ыйык китебибиз Кураандын күртчөсүн чыгарды. Көптөгөн жылдар мурда күртчө китептердин мамлекет тарабынан басыларын айтканда ким ишенмек эле, биз басып жатабыз»,- деди.
Мардинде да митинг болгон аянт толуп ташты. Аянтта чечүүчү жол процессин колдогон баннерлер орун алды. Премьер – министр Эрдоган Мардинде балдары тоого качырылган диярбакырлык энелерге колдоо бербеген ХДП талапкери Селахаттин Демирташ тууралуу : «Бул талапкер террор менен байланышы болгон жана уулу тоого мажбурлоо менен качырылыган энелерди кемсинткен киши 10 – августта сабак алуусу керек»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар