Премьер - министр түз эфирге конок болду
Р. Т. Эрдоган укук эрежелерин жактаган президент болорун айтты
Рамазан майрамын Стамбулда өткөрө туган президентикке талапкер жана премьер – министр Р. Т. Эрдоган майрамдан мурда менчик телекөрсөтүүдө түз эфирге конок болду. Күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берген Эрдоган 10 – августта шайлана турган болсо салттардын эмес, укук эрежелеринин президенти болорун белгиледи.
Премьер – министр Эрдоган : «Алдыбызда биздин Конституция бар. Калкым эгерде мени 10 – августта президенттикке шайлай турган болсо президенттин аткара тургандары баары бул жерде белгилүү. Бул жерде бизге берилген милдет эмне болсо баарын аткарабыз. Мен салттардын жана катардагы президент болбойм. Тактап айтканда бул жерде конституцияда кандай аныктала турган болсо президенттин милдети буларды орундатамын»,- деди.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.