Ок атпоо бир жактуу камсыздала албайт

Давутоглу Парижде ТРТ Хабер жана спорт демартаментинин башчысы Насухи Гүнгөрдүн суроолоруна жооп берди.

72208
Ок атпоо бир жактуу камсыздала албайт

Ок атпоо чыныгы тараптардын сүйлөшүүсү менен камсыздалат.
Израилдин Газага кол салууларын токтотуу жана ок атпоонун камсыздалышы үчүн жүргүзүлгөн эл аралык жыйынга катышуу үчүн Парижге барган Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу: «Хамас эске алынбастан ок атпоо камсыздала албайт. Бир тарап жок деп эсептелип натыйжа алына албайт»,-деди.
Давутоглу Парижде ТРТ Хабер жана спорт демартаментинин башчысы Насухи Гүнгөрдүн суроолоруна жооп берди.
Давутоглу Газада камсыздала турган ок атпоонун жалгыз гана чыныгы тараптардын сүйлөшүүсү менен камсыздала турганын айтты.
Египет менен Израилдин чогуу кеңешип кургактык кыймылынан көп өтпөй ок атпоо жарыя калыгандарын эске салган Давутоглу: «Ок атпоонун актерлору сүйлөшүүгө катышпаган болсо ок атпоонун туруктуу болушу мүмкүн эмес»,-деди.
«Израиль каалаган убакта ок атпоо жарыялай алат, каалаган убакта кол сала алат»,-деген түшүнүк абдан жаңылыш болгонун белгилеген Давутоглу, муну менен чынында Хамастын жана Газа калкынын эрки четке кагылганын, процесстен тышкары калтырылганын сөз кылды.
Давутоглу сүйлөшүүнү жалгыз гана Израиль менен Египеттин ортосундагы процесс катары көрүүнүн, ушул убакка дейре ок атпоонун кечигүүсүндөгү эң маанилүү себептерден бири болгонун баса белгиледи.
Ахмет Давутоглу Хамастын улуттук боштондук кыймылы болгонуна көңүл буруп, ок атпоону четке какканын белгиледи.
Министр Давутоглу ушул убакта максаттын Хамас менен Израилдин ортосунда ок атпоону 24 сааттык тилимдер абалында Айт майрамы убагында камсыздап, туруктуу ок атпоонун сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү болгонун белгилеп өттү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар