Ок атууну токтотуу үчүн аракет кылып жатабыз

Давутоглу Эрзурумга барып келди.

69380
Ок атууну токтотуу үчүн аракет кылып жатабыз


Тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу Газада ок атуунун токтотулуусу үчүн күнү-түнү дебестен аракет кылып жаткандарын белгиледи.
Давутоглу Европа Биримдигинин реформага байкоо салуу тобунун отузунчу жыйыны үчүн кечээ Эрзурумга барды.
Израилдин Газага кол салууларына байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берген Давутоглу аймакта ок атышууларды токтотуу үчүн тыгыз иш-чараларды жүргүзүп жаткандарын белгиледи.
Давутоглу: «Буюрса эң кыска мөөнөттө палестиналык туугандарыбыздын, Газадагы балдардын, аялдардын аман калуусун камсыздай турган ок атышууларды токтото алабыз»,-деди.
Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн каршы чыгууларынын таасирдүү эмес экенин белгилеген Давутоглу: «Үн каткысы келбегендер унчукпасын.Түркия үнүн бийик чыгарып бул трагедияга каршылык көрсөтүүсүн улантат, эң таасирдүү түрдө аракет кылат, эң кыска мөөнөттө ок атуунун токтотулуусу үчүн барылбаган жер, жүргүзүлбөгөн дипломатиялык процесс калбайт»,-деп кошумчалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар