Эрдоган Ислам дүйнөсүн биримдиктүү болууга чакырды

Премьер-министр аданалыктар менен жолугушту.

68933
Эрдоган Ислам дүйнөсүн биримдиктүү болууга чакырды


Президенттикке талапкер жана премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Аданадагы областтык башкармалыгы уюштурган ооз ачуу программасында аданалыктар менен жолугушту.
Премьер-министр Эрдоган андагы сөз сүйлөөсүндө аймагыбыздын бул Рамазан айын дагы кан, кагылышуу жана кайгы-капа менен өткөрүп жатканын айтты.
Жакынкы Чыгыштагы баш аламандыктарга каршы Ислам дүйнөсүн биримдиктүү болууга чакырган премьер-министр: «Жасала турчу жалгыз нерсе бар. Ислам дүйнөсүнүн мыкачыларга каршы биримдиктүү болуусу, маселелерди биргелеше чечүүсү»,- деди.
Премьер-министр Эрдоган ооз ачуу программасында «Эрдоганды жактоочулар платформасынынын» мүчөлөрү менен да алгач ирет жолугушту. Өкмөт башчы алар менен бир топко сүйлөштү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар