Гүл сириялык баш калкалоочулар менен ооз ачты

Гүл Ислам дүйнөсүндөгү башкаруучулардын акыл-эстүүлүк менен кыймыл кылуулары керектигин айтты.

68317
Гүл сириялык баш калкалоочулар менен ооз ачты

Президент Абдуллах Гүл Малатияда сириялык баш калкалоочулар менен ооз ачууда бирге болду.
Ооз ачуудан мурда сириялыктар жашаган Бейдагы коноктоо комплексинде Малатиянын губернатору Васип Шахин жана Апаат жана курч кырдаалды башкаруу башкармалыгынын башчысы Фуат Октай, Гүлгө лагерде жашаган 7 миң сириялык туурасында маалымат берди.
Гүл контейнер шаарчасындагы текстил ательесинде иликтөө жүргүздү.
Иликтөөлөрдөн кийин бул жердеги ооз ачууга катышкан Гүл: «Тилекке каршы бул ыйык Рамазан айында ичибизден сыздап жатабыз»,-деди.
Гүл Ислам дүйнөсүндөгү башкаруучулардын акыл-эстүүлүк менен кыймыл кылуулары керектигин айтты.
«Сиздер туш болгон бул азап кайгылар, бизди да капага салууда жана сиздин капаңызды ишенип койгула бүтүндөй түрк улуту сезүүдө»,-деп айткан президент, бир күнү акыл эстүүлүк жеңе турганына жана кыйынчылктар бүтө турганына ишенгенин баса белгиледи.
Гүл Сирияда кайрадан тынчтыктын камсыздалышы үчүн Түркиянын болгон күчү менен саясий, дипломатиялык иштерин улантып жатканын белгилеп, "Бардык каалоолорум сириялыктардын бир күнү коопсуз түрдө үйлөрүнө кайтууларын камсыздоо"-деп кошумчалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар