Диярбакырда танкер кырсыкка учурады

Кырсыктан кийинки өрттө унааларда орун алган кишилерден 70и жаракат алды.

67090
Диярбакырда танкер кырсыкка учурады

Диярбакырдын Лиже районунда күйүүчү отун ташыган танкер жолдон чыгып кетип кулап өрттөндү.
Өрттөнгөн танкерден чачыраган жалындар жолдон өтүп бараткан 2 жүргүнчү автобусу менен бир жеңил машинага тийди.
Кырсыктан кийинки өрттө унааларда орун алган кишилерден 70и жаракат алды.
Жаралуулардан 20сынын абалы оор экендиги билдирилди.
Окуя угулганы боюнча аймакка Диярбакыр баш болгон ошол чөйрөдөгү райондордон тез жардам унаалары жөнөтүлдү.
Жаралуулардын көпчүлүгү жеткирилген Дижле университетинин медицина факультетинде курч кырдаал жарыяланды.
Келген жаралууларды дарылаш үчүн реанимация бөлүмдөрүндө кошумча орундуктар ачылса, айрым жаралуулар алгачкы кароосунан кийин күйүк бөлүмдөрү орун алган Малатия, Батман жана Элазыгдагы ооруканаларга өткөрүлдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар