Эрдогандын шайлоо иш-чарасында Газа маселеси бар эле

Эрдоган Израиль бийлигине, «Гитлердин аталарыңарга кылганын Палестинага кылып жатасыңар»,-деп кайрылуу жасады.

66025
Эрдогандын шайлоо иш-чарасында Газа маселеси бар эле

Президенттикке талапкер жана премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган шайлоо иш-чараларынын алкагында Хатайда элге кайрылды. Өкмөт башчы Эрдогандын Израилге каршылык көрсөтүүсү уланууда...
Президенттикке талапкер жана премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган Израилдин Газага карай кол салууларын бу сапар Хатайдагы жыйында сындады.
Эрдоган: «Палестиналык балдар өлүп жатса эч ким каршы чыккан жок. Израилдин кылганынын Гитлердин кылганынан эмне айрымасы бар. Израиль бийлиги, аталарыңызга Гитлердин кылганын эми сиздер Палестинага кылып жатасыздар. Ал кандай геноцид болсо сиздердин кылганыңыздар да геноцид болуп саналат»,-деди.
Эрдоган Израилдин Газага кол салуусуна кайдыгер калган өлкөлөргө да кайрылды.
«Өлкөлөр үн катпаса да элдер үн катпай койбойт»,-деген Эрдоган: «Лондондо, Парижде уруксат берилбесе дагы элдер көчөлөргө чыгышууда. Нью-Йоркто, Европада, Түркияда күнүгө нааразылык акциялары өткөрүлүүдө. Стамбул митингибиз мунун финалы болот»,-деп айтты.
Өкмөт башчы Эрдоган Түркиянын мамилеси туурасында так сөз айтып, «Палестина доосун жактоону улантабыз»,-деди.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар