Махмуд Аббас Түркияга келди

Махмуд Аббасты Ататүрк аэропортунда президент Абдуллах Гүл тосуп алды

63933
Махмуд Аббас Түркияга келди

Израилдин Газага карата кол салуусу улантылып Түркияга Палестинадан абдан маанилүү сапар ишке ашууда.
Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас Стамбулда президент Абдулах Гүл менен жолугушту. Ататүрк аэропортунда жолугушкан эки мамлекет башчысы эртерээк ок атууну токтотуунун түзүлүшү керектигин айтышты. Эки президент жолугушуудан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү.
Израилдин Палестинадагы улуттук бөлүктөрдөн тынчсызданганын айткан президент Гүл улантууга боло турган ок атууну токтотуунун түзүлүшү керектигин белгиледи. Гүл : «Биринчи алдыңкылык ок атууну токтотунуун түзүлүшү жана 2012 – жылдагыдай макулдашуу ортого чыгып улантууга боло турган абалга келүүсү, бирок оболу ок атууну токтотуп, Израилдин азыркы учурдагы кургактыктагы кыймылын жана деңизден, абадан кол салууларын токтотуусу, эң көп палестиналык күнөөсүз адамдардын канынын агуусуна бөгөт болуу»,- деди.
Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас да колдоосунан улам Түркияга рахмат айтты.
Аббас : «Биздин талабыбыз боюнча египеттик бир туугандарыбыз бир кыймылда болушту жана негизги максат эртерээк ок атууну токтотуу макулдашуусунун түзүлүшү жана сүйлөшүүлөргө өттү. Бул негизинен 2012 – жылы кол коюлган келишимге окшотууда. Албетте Израиль тарабы муну кабыл алды. Биз да палестиналыктар катары кабыл алып Израилди кыйын абалда калтыралы. Түрк өкмөтүнө берген колдоосунан улам рахмат айтамын»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар