Ихсаноглу кечээ Сарыйер районунда болду

Ихсаноглу Сарыйер муниципалитетинин ооз ачуу программасында жарандарга кайрылды.

130033
 Ихсаноглу кечээ Сарыйер районунда болду

Президенттикке талапкер Экмеледдин Ихсаноглунун шайлоо үгүттөөлөрүндөгү кечээки аялдамасы Стамбулдагы Сарыйер району болду.
Өзү да жашаган райондо Сарыйер муниципалитетинин ооз ачуу программасында жарандарга кайрылган Ихсаноглу, президенттик шайлоонун абдан маанилүү экендигин белгиледи.
Ихсаноглу Түркияда ушул учурга чейин 11 жолу президент шайланганын жана бул шайлоолордун өкүлдөр жолу менен аткарылганын эске сады.
12-президенттик шайлоонун болсо башкалардан айырмаланып калктын түздөн-түз добуштары менен шайлана турганы үчүн бул шайлоонун өтө маанилүү экендигин баяндады.
Ихсаноглу президент болуп шайлана турган кишинин Түркиянын 76 миллион жаранына бирдей мамиле кыла турган киши болушу керектигин айтты.
Өзүнүн жалгыз партиянын эмес 6 партиянын расмий талапкери экенин баса белгилеген Ихсаноглу, алгачкы күндөрдө айткандай бирикменин талапкери эмей эле бүткүл аймактардын талапкери болгонун баяндады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар