Дүйнөнүн эң узун жаш кызы

Сафранболулук Рүмейса дүйнөнүн эң узун кызы

124590
Дүйнөнүн эң узун жаш кызы

Гиннес рекорддор китебине «дүйнөнүн 18 жаштан кичүү болгон узун бойлуу жаш кызы» болуп кирген 2, 13 метр боюндагы weaver синдром оорусу болгон Рүмейса Гелдиге сертификаты өткөрүлгөн азем менен берилди.
Сафранболу Мисак – ы Милли аянтында өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөгөн Гелди кыялын ишке ашыруу үчүн сертификанын абдан чоң мотивацияга себеп болоорун айтты. Гелди буларды айтты : «Дүйнөнүн эң узун бойлуу кызы болгонум үчүн абдан бактылуумун. Өзгөчө үй – бүлөмө рахмат айтам, алардын колдоосу болбогондо мен бул рекордго жетише албас элем. Бүгүн түнү мени сүйгөн, колдогон жана тааныган кишилер бул жерде болгону үчүн абдан бактылуумун».
Гиннес рекорддор китебинин Түркия өкүлү Шейда Субашы Гемижи болсо : «Аны бул тайманбастыгынан улам куттуктаймын. Бардык кайрылууларын англис тилинде web сайтыбыздан жасады. Бул ишти башынан акырына чейин өзү аткарды. Бул Сафранболу үчүн абдан жакшы жана эскерүүлөр менен толгон рекорд болот»,- деди. Андан кийин Гемижи Рүмейсага сертификатын тапшырды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар