Президенттикке талапкерлердин үгүт иштери уланууда

Өкмөт башчы Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын президентинин мамлекет менен улутту кучакташтырган, мамлекетинин жана улутунун кызматчысы болушу керектигин айтты.

123041
Президенттикке талапкерлердин үгүт иштери уланууда

Президенттикке талапкерлер шайлоого карай үгүт иштерин улантышууда.
Президенттикке талапкер, өкмөт башчы Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын президентинин мамлекет менен улутту кучакташтырган, мамлекетинин жана улутунун кызматчысы болушу керектигин айтты.
Президенттикке карай иш-чараларын Денизлиде уланткан Эрдоган өз сөзүндө президенттин саясаттын тышынан болушу жөнүндөгү айтымдарга токтолду.
Эрдоган: «Эч ким жаман көрбөсүн, тарапсыз деген ат менен, саясаттын тышында деген ат менен, мамлекеттин асыроосунун, статус-квонун тарабында болбоймун. Биздин тарабыбыз белгилүү. Биз улут тарабындабыз»,-деди.
Конституцияда президент аныкталып жатканда «аткаруунун башы болуп саналат» деген сөздү эске салган Эрдоган, президенттин элге кызмат кылышы керектигин айтты.
Президенттикке талапкер Экмеледдин Ихсаноглу да шайлоо иш-чараларын Стамбул жана Анкарада улантты.
Ихсаноглу президенттин кызматы темасында, «Мунун ичинде көпүрө болуу, жол жасоо жок, жол көрсөтүү бар, өкмөттү шыктандыруу бар. Өзүн премьер-министрдин ордуна кое албайт. Түркия мунун жаңылыштыктарын көрдү, бийлик бутактарынын айырмачылыгы, парламенттик системанын эң ылайыктуу болгонуна чечим чыгарды»,-деген баа берди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар