Ихсаноглу шайлоо иш-чараларын Стамбулда улантты

Ихсаноглу Гүрсел Текин менен бирге “Түркиянын үмүтү” деген чакырыктын астында Галатасарайга чейин басышты.

120518
Ихсаноглу шайлоо иш-чараларын Стамбулда улантты

Президенттикке талапкер Экмеледдин Ихсаноглу, шайлоого багытталган иш-аракеттерин кечээ күнү Стамбулда улантты.
Бейоглу Истиклал көчөсүндө жарандар менен жолугушкан Ихсаноглун, Жумурият Элдик партиясынын имаратынын алдында гүлдөр менен тосуп алышты.
Президенттикке талапкер Ихсаноглу Жумурият элдик партиясынын башкы катчысы Гүрсел Текин менен бирге “Түркиянын үмүтү” деген чакырыктын астында Галатасарайга чейин басышты.
Бейоглунун тургундары менен жолуккан Ихсаноглу Султангазиде уюштурулган ооз ачуу тамагына да катышты.
Жумурият элдик партиясы жана Улуттук кыймыл партиясынын колдоосу менен эмес, калктын колдоосу менен чыккандыгын баса белгилеген талапкер, бүгүнкү күнгө чейин беш саясий партиядан колдоо алгандыгын жана бул сыяктуу колдоолордун көбөйүп жаткандыгын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар