Р. Т. Эрдоган кургактык күчтөрүнүн командири Хулуси Акар жана ты

Жолугушууда Ирактагы акыркы абал жана Ирак Дамаск Ислам мамлекети тарабынан качырылган элчилик кызматкерлер тууралуу абалдар сүйлөшүлдү

117615
Р. Т. Эрдоган кургактык күчтөрүнүн командири Хулуси Акар жана ты

Премьер – министр Р. Т. Эрдоган Иракта болгон акыркы абалдар тууралуу кургактык күчтөрүнүн командири Хулуси Акар жана тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу менен жолугушту. Жолугушуу Кургактык күчтөрүнүн командири армиянын генералы Хулуси Акардын премьер – министрликтин расмий турак жайына келүүсү менен башталды. Премьер – министр Эрдоган менен армиянын генералы Акардын ортосундагы жекеме – жеке сүйлөшүү эки саатка жакын созулду. Андан кийин жолугушууга тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу да катышты. Тышкы иштер министринин да катышуусу менен үчтүк сүйлөшүү улантылган жолугушууда Ирактагы акыркы абал жана Ирак Дамаск Ислам мамлекети тарабынан качырылган элчилик кызматкерлер тууралуу абалдар сүйлөшүлдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар