"Патриоттор Түркия калкын коргоодо"
Расмуссен “Патриот” ракеталарынын эми керек болбой тургандыгы жөнүндөгү айтымдарга кошулбайт.
НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен ,Сириядагы химиялык куралдардын өлкөдөн чыгарылышы менен Түркиядагы “Патриот” ракеталарынын эми керек болбой тургандыгы жөнүндөгү айтымдарга кошулбагандыгын айтты.
Германиядагы жолугушууларынын айланасында Федералдык маалымат борборунда кечээ маалымат жыйын өткөргөн Рассмуссен : “Патриоттордун жайгаштырылышы, Сириядан келиши мүмкүн болгон ракета чабуулдарына каршы Түркия калкын коргоону максат кылат. Ошондуктан, химиялык куралдар темасына аны аралаштырууга болбойт.Патриоттордун максаты, Сирияда химиялык куралдар болбосо дагы башка чабуулдарга каршы туруштук берүү.”-деп сүйлөдү.
Германиянын “Дер Спиегел” журналы маалымдаган кабарда ,НАТОнун шериктештиктери; АКШ, Германия жана Нидерландия, Сириянын химиялык куралдарынын бузулуусу үчүн өлкөдөн чыгарылуусу менен ,Түркияда жайгашкан Патриот батареяларынын кызмат убакытын бүтүрүүнү талкуулагандары жазылган.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.