Президент Гүл президенттикке талапкер болбойт

Гүл менен Эрдоган жолугушуу өткөрүп, президенттик шайлоону талкуулашты.

111900
Президент Гүл президенттикке талапкер болбойт

Мамлекет башчысы Абдуллах Гүл президенттик шайлоонун жакындашы менен “ Талапкер болбойм “-деп айтты.
Президент Стамбулдагы Ардагер чуркоолору сыйлык тапшыруу иш-чараларынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.
28 августта кызмат убактысы бүтө тургандыгын айткан Гүл , премьер-министрликке байланыштуу бир суроого “булар кийин суйлөшө турчу маселелер”,- деп жооп берди.
Буга кошумча,президент Гүл кечээ күнү ал Тарабия сарайында премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган менен жолукту.
Премьер-министр Эрдоган мурун президенттик шайлоолорго чейин дагы бир жолу мамлекет башчысы Абдуллах Гүл менен жолугаарын айткан.
Президент Абдуллах Гүл жана Премьер-министр Режеп Тайип Эрдогандын жолугуушусу 45 мүнөткө созулду.
Жолугушуудан кийин эч кандай маалымат берилген жок.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар