Түркиядагы алгачкы ооз ачуу

Түркиянын ар тарабында Рамазандын биринчи күнүндө ифтар дасторкондору жайылды.

110875
Түркиядагы алгачкы ооз ачуу

Түркияда алгачкы ооз ачуу Ирак чек арасында болду.
Рамазандын эң биринчи ооз ачуусу Хаккаринин Шемдинли районуна караштуу, Ирак чек арасында орун алган Текели айылында болду.
Жайгашкан абалы жана күндүн чыгышы жана батышы эсептелип белгиленген убакыттарга караганда Түркияда эң эрте Текели айылындагылар бир канчалаган метр узундуктагы дастаркондордо ооз ачышты.
Молчулук жана берекет айы Рамазандын алгачкы күнүндө өлкөнүн төрт тарабында курулган ифтар дастаркондорунда дубалар окулуп ооз ачылды.
Стамбулда да алгачкы ооз ачууда аянттар толду...
Тарыхый Султанахмет аянты да тандалган жерлерден бири эле...
Шишлиде да ар башка диндердин өкүлдөрү чогулуп ифтар дасторконунда бирге болушту.
Диний лидерлер; тынчтык, кечиримдүүлүк жана туугандык билдирүүлөрүн айтышты.
Премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган да Рамазандын биринчи күнүн Стамбулда өткөрдү.
Премьер-министр күтүлбөгөн жерден Султанахмет аянтына барып ооз ачууну күтүп жатышкан жарандар менен баарлашты.
Биримдикке чакырган Эрдоган: «Раббым бул Рамазанды улутубуздун жана бардык адамзаттыктын ынтымагына себеп кылсын»,-деди.
Өкмөт башчы Эрдоган андан соң Бирлик фондунун ооз ачуу тамагына катышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар