Түркия Ливияга куттуктоо жөнөттү

«Түркия ырааттуулук, өнүгүү жана демократия күрөшүндө дос жана тууган Ливия калкын колдоосун улантат».

110775
Түркия Ливияга куттуктоо жөнөттү

Түркия Республикасы, Ливияда Эл өкүлдөр мажлисинин шайлоолорунун ийгиликтүү өткөндүгүнө ыраазычылык билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин кечээки жарыясында шайлоолордун Ливиянын демократиялык өткөөл процессинин бүтүрүлүшү багытында маанилүү кадам болгону белгиленди.
Анда Эл өкүлдөр мажлисинин маселелердин диалог жолу менен чечилиши үчүн жаңы платформа түзүүсүнүн жана Ливия калкынын укуктуу болгон рефах жана ырааттуулукка жетүүсүнө салым кошуусунун максатталганы сөз кылынды.
Жарыяда айрыкча, «Түркия ырааттуулук, өнүгүү жана демократия күрөшүндө дос жана тууган Ливия калкын колдоосун улантат»-деп айтылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар