Давутоглу Ирак тууралуу телефон дипломатиясын улантууда

Давутоглу, Месут Барзани менен Ирактагы акыркы абал туурасында кеңири сүйлөшүү өткөрдү.

110485
Давутоглу Ирак тууралуу телефон дипломатиясын улантууда

Тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу Иракта болуп жаткан окуяларга байланыштуу телефон дипломатиясын улантууда.
Давутоглу Ирактын күрт аймактык башкаруусунун төрагасы Месут Барзани жана Ирактын парламент төрагасы Усама Нужайфи менен кечээ телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.
Тышкы иштер министрлигинин жооптууларынан алынган маалыматка ылайык министр Давутоглу, Месут Барзани менен Ирактын күрт аймактык башкаруусунун премьер-министри Нечирван Барзанинин Түркияга жасаган сапары жана Ирактагы акыркы абал туурасында кеңири сүйлөшүү өткөрдү.
Ахмет Давутоглу Ирактын парламент төрагасы Нужайфи менен болгон телефон сүйлөшүүсүндө шайлоолордон кийин Иракта жаңы парламенттин эң кыска мөөнөттө кызматын баштоосу жана саясий процесстин жүргүзүлүшү темаларына токтолду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар