Министр Йылдыз Лос Анжелесте түрк ишкерлер менен жолугушту

Жевдет Йылмаз сапарынын акыркы күнүндө Лос Анжелесте жашаган түрк ишкерлери менен жолугушту

109923
Министр Йылдыз Лос Анжелесте түрк ишкерлер менен жолугушту

Эл аралык биотехнологиялык конференция жана жарманке үчүн АКШга барган өнүгүү министри Жевдет Йылмаз сапарынын акыркы күнүндө Лос Анжелесте жашаган түрк ишкерлери менен жолугушту.
Экономикада акыркы 10 жылда маанилүү аралыктын басылып өтүлгөнүн белгилеген Йылмаз Түркиянын кургак жолдору, билим берүү, саламаттыкты сактоо сыяктуу бир топ тармакта маанилүү жолду басып өткөнүн билдирди. Өнүгүү министри 2009 – жылдан бери дүйнөдө жумуш менен камсыз кылууну эң көп күчтөнткөн өлкөнүн Түркия экенин белгилеп, бул мезгилде 5 миллиондон ашуун жаңы жумуш менен камсыз кылууга шарттын түзүлгөнүн баса белгиледи. Министр Йылмаз дүйнөдөгү кризиске карабастан Түркиянын өсүүнү улантуусунун маанисине токтолуп : «Өткөн күндө дүйнөдө кризис жок кезде бизде кризис болуп турган. Эми дүйнөдө кризис бар, бизде жок. Өткөн күндөн алган сабактар менен кризис процессин ийгиликтүү өткөрдүк. Банктык системабыз, текшерүү механизмаларыбыз, финансылык тең салмактуулугубуз бекем, бюджет тең салмактуулугу абдан күчтүү»,- деди. Өнүгүү министрлиги тарабынан даярдалган онунчу план тууралуу да маалымат берген министр Йылмаз ар башка бөлүктөрдөн он миңден ашуун кишинин пикири суралуу менен турмушка ашырылган жана Түркиянын экономикалык алдыңкылыктарын карап чыккан онунчу планга байланыштуу жаңы реформа программаларын даярдашкандарын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар