Патриот ракеталарында терс көрүнүш жок

Давутоглу Брюсселде бул туурасында маалымат берди.

107906
Патриот ракеталарында терс  көрүнүш жок

НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышкан тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу, НАТО тарабынан Түркияда жайгаштырылган “Патриот” абадан коргонуу системасында терс көрүнүштүн жоктугун белгилеп, “Кандайдыр бир кризистик абалды күткөндөр, андай нерсени күтпөй эле коюшса болот”,- деген оюн айтты.
Давутоглу, кечээ Брюсселде сүйлөгөн сөзүндө, бардык НАТО мүчөлөрүнүн Түркияга, айрыкча Сирия жана Ирактан келген коркунучтарга карата ар дайым колдоо көрсөтө тургандыктарын сөз кылып келгендерин билдирди.
Тышкы иштер министри, Патриот ракеталарынын АКШ, Голландия жана Германия тарабынан жөнөтүлгөнүн белгилеп, бүгүнкү күнгө чейин эч кандай терс көрүнүштүн болбогондугун маалымдады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар