Эрдоган партиясында жыйналыш өткөрдү

Эрдоган менен Кэмерон маанилүү телефон сүйлөшүүсүн өткөрдү.

105176
Эрдоган партиясында жыйналыш өткөрдү

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын борбордук башкаруу кеңеши премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулду.
Жыйналышта президенттик шайлоо башкы тема болду.
Адилеттик жана өнүгүү партиясынын борбордук башкаруу кеңешинде Ирак жана Сирия баш болгон аймактагы абалдар каралганы билдирилүүдө.
Бир тараптан Англиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон өкмөт башчы Эрдоган менен телефон аркылуу байланышып маанилүү сүйлөшүү өткөрдү.
Премьер-министрликтин маалымат борборунан маалымдашкандай сүйлөшүүнүн күн тартибинде Сирия жана Ирактагы акыркы абал орун алды.
Эки лидер аймактык темаларда пикир алмашышты.
Бул учурда премьер-министр Эрдоган жана Дэвид Кэмерондун Ирактагы саясий курч кырдаалды жана секталык кагылышууну кооптонуп караганы, маселенин чечилиши үчүн улуттук макулдашуу өкмөтү түзүлүшү керектигин баса белгилегендери белгилүү болду.
Сирияда болуп жаткандардын орто эсеп менен 1 миллион сириялыктын Түркияга баш калкалашын кошо ала келгенин эске салган өкмөт башчы Эрдогандын аймактагы маселелер темасында Европа Биримдигинин дагы активдүү болушу керектигин белгилегени баяндалды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар