Түркия Тынчтык планына күчтүү колдоо көрсөттү

Петр Порошенко тарабынан жарыяланган тынчтык планы колдоого алынгандыгы тууралуу маалымат берилди.

104433
Түркия Тынчтык планына күчтүү колдоо көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинен, Украинанын өлкө башчысы Петр Порошенко тарабынан жарыяланган тынчтык планы колдоого алынгандыгы тууралуу маалымат берилди.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, план алкагында бир жумалык мөөнөт ичинде ок атууну токтотуу, мыйзамсыз аракеттерге барган топторго курал-жарактарын таштоого жана саясий иштерге аралашууга карата негизги шарт түзүлгөндүгү белгиленген.
Билдирүүдө, акыркы жумаларда Украина менен Орусия федерациясынын ортосундагы кризистердин чечилишине багытталып түзүлгөн, Тынтык планынын ишке ашуусу үчүн керектүү болгон диалогдун жакшы кабылдангандыгы тууралуу айтылган.
Мындан тышкары, туруктуу тынчтык үчүн Украинанын аймактык бүтүндүк жана эл аралык укук алкагында жүргүзүлгөн саясатын Түркия дайым колдоого алаарын баса көрсөткөн.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар