Сомали калкынан Түркияга ыраазычылык

Сомалинин өнүгүшүндө Түркиянын жардамы чоң салым кошконун

104438
Сомали калкынан Түркияга ыраазычылык

Өкмөт башчы Режеп Тайип Эрдоган, Стамбулда Дүйнөлүк Сомали диаспорасынын өкүлдөрүн кабыл алды.
Халич борбордук конгрессиндеги кабыл алууга келген өкүлдөр, Сомали калкынын атынан өкмөт башчыга ыраазычылык катын сунушту.
Катта “Үч жыл мурунку сапарыңыздан кийин, Сомали жакшы жакка багыт алды жана эгер сиздин эрктүү сапарыңыз болбосо булардын болушу мүмкүн эмес эле” деп баяндалган.
Сомалинин өнүгүшүндө Түркиянын жардамы чоң салым кошконун баса белгилеген катта, Түрк аба жолдорунун Сомалини дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен байланыштырган жалгыз эл аралык компания болгондугу айтылып, Түркиянын элчилиги болсо Могадишодогу жалгыз элчилик экендиги эскертилген.
Мындан тышкары катта, өкмөт башчы Эрдогандын боордош түрк-сомали калкын бири-бирине бириктирген лидер катары кабыл алына тургандыгы жазылган.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар