Өкмөт башчы Эрдоган Барзанини куттуктады

Эрдогандын Барзаниге жиберген куттуктоо сөзү Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунун расмий веб барагында жарыяланды.

102687
 Өкмөт башчы Эрдоган Барзанини куттуктады


Премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунда 8-өкмөтүн түзгөн премьер-министр Нечирван Барзанини куттуктады.
Өкмөт башчы Эрдогандын Барзаниге жиберген куттуктоо сөзү Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунун расмий веб барагында жарыяланды.
Эрдоган анда: “Жаңы өкмөттүн Ирак калкы үчүн тынчтык жана бейкутчулук алып келишин тилеймин. Бул кызматты мындан мурда кандай ийгиликтүү актарып келсеңиз, мындан кийин да бул кызматты орундуу аткара турганыңыздан шегим жок. Сиздер жетишкен экономикалык өсүү жана илгерилөөнүн улам өсүп уланышын каалаймын. Эки тараптуу карым-катнаштарыбыз жаңы өкмөт мезгилинде да өнүгө турганына жана кеңейе турганына ишенемин”,-деген сөздөрдү жазды.
Түркиянын коопсуздук тармагында кызматташтыгын уланта турганын жана берген убадалардан баш тартпай турганын белгилеген Эрдоган, Ирактагы коопсуздукту камсыздоо үчүн таштала турган кадамдардын колдоого алынышы керектигин баса белгиледи.
Премьер-министр Эрдоган Барзани башкарган жаңы өкмөт мезгилинде түркмөндөрдүн укуктары корголо турганына ишенгенин белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар