Эрдоган Олланд менен жолукту

Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессине байланыштуу жаңы темалардын ачылышына карата аракеттердин мааниси баса белгиленди.

101842
Эрдоган Олланд менен жолукту

Премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган Франсуа Олланд менен жолукту.
Өкмөт башчы Эрдоган Европа турунун экинчи аялдамасы Франциянын борбор шаары Парижде...
Франциянын президенти Франсуа Олланд премьер-министр Эрдоганды кечээ "Елизе" сарайында тосуп алды.
Эрдоган менен Олланддын жолугушуусунда Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессине байланыштуу жаңы темалардын ачылышына карата аракеттердин мааниси баса белгиленди.
Премьер-министрликтин маалымат борборунан маалымдашкандай өкмөт башчы Эрдогандын ушул алкакта 2014-жылдын Түркия жагынан жаңы бир Европа Биримдиги жылы болушуна чоң маани бергендерин сөз кылгандыгы белгиленди.
Эрдоган жана Олланд атом энергиясы жана коргоо өнөр жайы тармактарында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын арттырылышы жана ылдамдатылышы керектигин белгилеп өттү.
Террор менен күрөшүү темасында эл аралык кызматташтыктын маанисин баса белгилеген эки лидердин, бул жагдайдагы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын жана координациянын дагы да күчтөндүрүлүшү керектигин белгилегендери маалым болду.
Эки лидер Ирак жана Сириядагы акыркы абалдар менен катар Крым маселеси менен кошо Украина туурасында пикир алмашышты. Жолугушууда Карабах маселесине чечим табууга карай иш-аракеттерге да токтолгондугу билдирилди.
Премьер-министр Париждеги жолугушууларынан кийин Лионго өтүп мигранттарга жолугат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар