Эрдоган Венада

Эрдоган Австриядагы Европалык түрк демократтар биримдигинин 10 жылдык мааракесинде сөз сүйлөдү.

101294
Эрдоган Венада

Өкмөт башчы Режеп Тайип Эрдогандын Европадагы үч күндүк сапарынын алгачкы аялдамасы Австриянын борбор калаасы Венада.
Өкмөт башчы Эрдоган, Австриядагы Европалык Түрк Демократтар Биримдигинин” 10 жылдык мааракесинин алкагында Венадагы мигранттар менен жолугушту.
Өкмөт башчы, “Биз Австрияда, Германияда жана башка баардык Европа өлкөлөрүндө эмгектенген, тажрыйба алмашкан, эң негизгиси тынчтык жана достук мамилеси менен бар болгон улутпуз”-деди.
“Эч ким Туркиянын өнүгүүсүнөн коркпосун, эч ким жаңы Түркиядан чочулабасын”- деген Эрдоган, Европа Түркия үчүн чоң жана маанилүү мүмкүнчүлүк экендигин айтты.
“Жаңы Түркия Европанын өзгөчө тандоосу жана негизги жолу”-деп айткан өкмөт башчы, Түркия Европа үчүн чыгышка, мусулмандарга жана дүйнөгө ачылган жалгыз туруктуу эшик болоорун эскертти.
Сүйлөгөн сөзүндө Ирактагы абалдан да кеп кылып, “Ирак азыркы учурда күйүп барат. Ал жердеги боордошторубуз дагы бир жолу каттаал турмушта жашап жатса, Европа баштаган дүйнө карап олтурат. А биз болсо өрттү өчүрүү үчүн ата-энелик жана бир туугандык мээрим менен оттун жанына барып, Ирактагы баардык адамдарга “Токтоткула силер бир туугансыңар!”-деген чакырыгыбызды айтып жатабыз”- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар