Президенттикте Мусул жыйыны өттү

Келип жеткен жерге байланыштуу абалды тышкы иштер министрдин орун басары Нажи Кору түшүндүрдү.

95097
Президенттикте Мусул жыйыны өттү

Ирак аль-Шам Ислам мамлекети террордук уюмдун Мусулдагы Түркиянын консулдугуна кол салуусунан кийин Анкарада удаама-удаа жыйналыштар өткөрүлүүдө.
Кечээ эң оболу тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу, улуттук чалгындоо кызматынын төрагасы Хакан Фидан, генштабдын экинчи төрагасы, армия генералы Йашар Гүлер жана коопсуздук кызматкерлери Тышкы иштер министрликте акыркы абалды карап чыгышты.
Андан соң президент Абдуллах Гүлдүн чакыруусу менен Чанкая сарайында жыйналыш өткөрүлдү.
Гүл Мусулдагы абал туурауу маалымат алуу үчүн тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу, улуттук чалгындоо кызматынын төрагасы Хакан Фидан, генштабдын экинчи төрагасы, армия генералы Йашар Гүлер жана тышкы иштер министрликтин кеңешчиси Феридун Синирлиоглун чакырды.
Жыйналышта аймактан келген бардык «маалыматтар» бир-бирден каралып чыкты, капыстан болуучу маалыматтар талкууланды жана ошондой эле жүргүзүлө турган стратегия каралды.
Келип жеткен жерге байланыштуу абалды бир күндүк брифинг менен тышкы иштер министрдин орун басары Нажи Кору түшүндүрдү.
Консулдук кызматкерлери жана түрк айдоочулардын саламаттык абалдары жакшы экендигин билдирген Кору, Сирияга алынып кеткени жөнүндөгү айтымдарды төгүнгө чыгарды жана Мусулда экендиктерин айтты.
Жүк ташуучу унаа айдоочулары үчүн акча талап кылынбаганын билдирген Нажи Кору, консулдукту басып киришкенде согушкер санынын каршылык көрсөтө албай турганчалык көп болгонун сөз кылды.
Кору консулдукту басып алуудан мурда Ирак органдарынын Түркиянын консулдугун кайтарган коопсуздук кызматкерлерин алып кетип калышкандарына да токтолду.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар