Тышкы иштер министрликтин билдирүүсү

Тышкы иштер министрликте кризисти башкаруу борбору түзүлдү.

92312
Тышкы иштер министрликтин билдирүүсү

Ирак аль-Шам ислам мамлекети террордук уюмунун Мусул консулдугун басып алуусунан кийин Анкара катуу сөздөрдү айтты.
Тышкы иштер министрлиги «Бул кабыл алынгыс окуялардын алдында үн катпай калбай турганыбыздын, эмне керек болсо жасала турганын ар ким тарабынан билиниши керек»,-деген ачыктоосу менен Түркиянын чыгара турган чечими билдирилди.
Министрликтин билдирүүсүндө «Ирак аль-Шам ислам мамлекетинин мүчөлөрү 11-июнда эртең менен Мусулдагы Башкы консулдугубуздун имаратына кирип барып кызматкерлерибизди консулдук имаратынан чыгарыптыр, шаардын башка бир аймагына өткөрүптүр. Окуя болгон убакта баш консулубуз менен кошо 49 киши жана үй-бүлөлөрү бар экен.»-деп айтты.
Ирак өкмөтү БУУ жана НАТО багытында киришүүлөр жасалганы белгиленген жарыяда, барымтага алынган 31 түрк айдоочусунун эркин кое берилиши үчүн иш-чараларын улантканы сөз кылынды.
Тышкы иштер министрликте кризисти башкаруу борбору түзүлдү.
Ал борбордун даректери; +90 312 2922950 номердүү телефон, +90 312 2877949 номердүү факс жана kriz@mfa.gov.tr.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар