Эрдоган Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү

Премьер-министр Эрдоган Байден менен Мусул темасын сүйлөштү.

92198
Эрдоган Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү


Премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган Мусулдагы окуялар боюнча АКШнын вице-президенти Жо Байден менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.
Ак үйдүн билдирүүсүндө Байдендин премьер-министр Эрдоганга «Ирак Шам ислам мамлекети» аттуу террордук уюмду айыптаганын билдиргени баяндалды.
Жазуу түрүндөгү билдирүүдө Байдендин барымтага алынган түрк кызматкерлери менен үй-бүлөлөрүнүн коопсуз түрдө кайтып келүүсү керектигин жана колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтканы билдирилди.
Бул террордук уюмга каршы Ирак өкмөтү менен аймактык күрт башкаруусунун чогуу иш жүргүзүүсүнө колдоо көрсөтүлө турганы белгиленди.
Билдирүүдө аймактагы коопсуздук маселеси чечилгенге чейин Америка, Түркия жана Ирак өкмөттөрүнүн жакын байланышта боло тургандары баса белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар