Президент Гүлдүн сереп салуусу

Гүл эки өлкөнүн карым-катнаштарынын жакын бир диалог менен бекем платформада илгерилеши аймактын тынчтыгы жана ырааттуулугу жагынан маанилүү экендигин айтты.

89672
Президент Гүлдүн сереп салуусу

Президент Абдуллах Гүл, Ирандын президенти Хасан Руханинин урматына Чанкая сарайында кечки сый тамагын берди.
Гүл: «Албетте адам ресурстарыбызды араздашуулар үчүн эмес, өнүгүү жана эркиндигибиздин жогорулоосу үчүн пайдалануу так көз караштык мамилени талап кылат»,-деди.
Президент Гүл Ирандын президенти Руханинин урматына берген кечки тамагынын алдында сөз сүйлөдү.
Гүл эки өлкөнүн карым-катнаштарынын жакын бир диалог менен бекем платформада илгерилеши аймактын тынчтыгы жана ырааттуулугу жагынан маанилүү экендигин айтты.
Гүл: «Ортоктошо таштай турган конструктивдүү кадамдар, этникалык жана мазхапка байланыштуу бөлүнүү сценраийлерине каршы бериле турган эң күчтүү жооп болуп саналат»,-деди.
Аймакта болуп жаткандарга да токтолгон президент Гүл: «Сириядагы трагедиянын тез арада токтотулушу, Иракта ырааттуулуктун түзүлүшү, терроризм корунучунун жана качкындар маселесинин жоюлушу, Палестина маселесинин Жакынкы Чыгыш тынчтык процессинин алкагында адилеттүү жана туруктуу түрдө чечилиши бардыгыбыздын чын жүрөктөн конструктивдүү жана орток салым кошуубуз менен мүмкүн болот»,-деди.
Конок президент Рухани да Иран жана Түркиянын аймактык башкарууда оор Ислам жоопкерчилигин сезгендерин айтты.
Рухани эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын, аймактын саясий, экономикалык жана социалдык жактан өнүгүүсүнө себепчи боло турганын белгилеп өттү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар