Атамбаев Түркияда

Президент Атамбаев Түркия жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрөт.

80770
Атамбаев Түркияда

Түркмөнстан жана Кыргызстандын президенттери Түркияда...
Бодрумда эртең өткөрүлө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 4-саммитинин алдында лидерлер Анкарада расмий жолугушууларды өткөрөт.
Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухамедов президент Абдуллах Гүл тарабынан Чанкая сарайында расмий салтанат менен тосулат.
Өз алдынча жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин Гүл жана Бердимухамедов эки өлкөнүн ортосунда түзүлө турган келишимдердин кол кою аземине катышат.
Андан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүшөт.
Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагасы Жемил Чичек жана премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган менен да өз-өзүнчө жолугушуу өткөрө турган Түркмөнстандын президенти Түрк-Түркмөн Ишкердик форумуна да катышат.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да Бодрумдагы саммиттин алдында Анкарада жолугушууларды өткөрөт.
Чанкая сарайында президент Гүл тарабынан расмий азем менен тосула турган президент Алмазбек Атамбаев, андан соң Гүл менен өз-алдынча жолугушуу өткөрөт.
Атамбаев Түркия-Кыргызстан Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин экинчи жыйынына премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган менен бирге жетекчилик кылат.
Ал жыйында Кыргызстан-Түркия карым-катнаштары ар тараптан каралып, буга чейин аткарылган иштер жана келечекте аткарыла турган пландар талкууланат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар