Эрдоган Германиядагы мигранттарга кайрылды

Премьер-министр Эрдоган Европалык түрк демократтар биримдигинин (UETD) түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына катышты.

73288
Эрдоган Германиядагы мигранттарга кайрылды

Түркия Республикасынын Премьер-министри Режеп Таййип Эрдоган Германиянын Кёльн шаарында он миңдеген кишиге үн салды.
Премьер-министр Эрдоган Европалык түрк демократтар биримдигинин (UETD) түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгы боюнча кечээ өткөрүлгөн иш-чарада Европада жашаган түрктөр менен жолукту.
Сөздөрүн мигранттарга салам берип баштаган Эрдоган өткөн аптада Манисанын Сома районунда болгон шахта кырсыгына токтолду.
Эрдоган Түркиядагы кайгыны мигранттардын да сезгенин, Түркиянын кайгысын жер жүзүндөгү бардык дос жана туугандарынын бөлүшкөнүн баса белгиледи.
Мигранттарга Сомада болгон кырсыктан кийин колдоо көрсөткөндүктөрү үчүн ырахмат айткан Эрдоган, Германиянын канцлери Ангела Меркелдин да телефон аркылуу байланышып көңүл айтканын жана жардам бере турганын билдиргенин белгилеп өттү.
Эрдоган Түркиянын жана Германиянын өнүгүп өсүүсү, дагы коопсуз, дагы тынч өлкөлөр болушу үчүн бардык баскычта чогуу кыймыл кылууга маани бергендерин баса белгиледи.
Мигранттарга: «Өлкөңүздөгү тилдерди үйрөнгүлө»,-деп айткан өкмөт башчы Эрдоган, түркчөнү дагы унутпай ынтымактуу болууларын сунуштады.
Түркиянын экономикасы, миссиясы, адамдары, баалуулуктары менен Европанын бир бөлүгү болгонун белгилеген Эрдоган: «Европа, өзгөчө саясатчылары муну абдан жакшы көрүшү керек. Европа саясатынын маселелери Түркияны колдонуу менен эмес, Түркия менен чечилет»,-деп айтты.
«Бул чөлкөмдө, бул аймакта биз дагы барбыз»,-деген Эрдоган, глобалдык маселелерде сөз айтуунун Түркиянын да укугу болгонун баса белгиледи жана «Эми күн тартипти белгилеген Түркия бар»,-деди.
Европа Биримдигине да үн салган Эрдоган, соккуларга үн катпай калган Европа өлкөлөрү бар экенин белгилеп, Европа Биримдигин соккуну «сокку» деп айта албагандыгы менен күнөөлөдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар