Тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу бүгүн Кытайга барат

70071
Тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу бүгүн Кытайга барат

Тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу Азияда өз ара кызматташуу жана ишеним орнотуу боюнча Кеңешменин 4-саммитинде Түркияны өкүлдүк кылуу үчүн бүгүн Кытайга барат.
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө жыйындын 20-21-майда боло турганы билдирилди.
Түркия 2010-жылдын июнь айында Стамбулда өткөрүлгөн Азияда өз ара кызматташуу жана ишеним орнотуу боюнча Кеңешменин 3- саммитинде кезектешкен төрагалык кызматын эки жылга милдеттенген эле. Түркиянын кезектешкен төрагалык кызматы мүчө өлкөлөр тарабынан дагы эки жылга узартылган болчу.
Азияда өз ара кызматташуу жана ишеним орнотуу боюнча Кеңешмеде 26 мүчө өлкө, 7 байкоочу өлкө жана 4 байкоочу эл аралык мекеме бар. Түркия быйыл төрт жылдан бери улантып келе жаткан кезектешкен төрагалык кызматын Кытай Эл Республикасына өткөрүп берет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар