Эрдоган Сомада маалымат жыйын өткөрүп, элге кайрылды

Эрдоган, кырсык болгон жерге мамлекеттин бардык мүмкүнчүлүктөрү жумшалып жатканын билдирди.

67903
Эрдоган Сомада маалымат жыйын өткөрүп, элге кайрылды

Түркияны кайгыга салган апааттан кийин премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган программаларын жоюп кечээ Сомага барды.
Премьер-министр Эрдоган Сомада эң оболу кризисти башкаруучу борборго барып жооптуулардан маалымат алды. Андан соң издөө-куткаруу иштерин иликтеген өкмөт башчы, маалымат-жыйын өткөрдү.
Түрк калкынын чоң кайгыга батканын белгилеген Эрдоган, кырсык болгон жерге мамлекеттин бардык мүмкүнчүлүктөрү жумшалып жатканын билдирди.
Премьер-министр кырсыктын ийне-жибине чейин иликтене турганын жана эч бир кайдыгерликтин көрмөксөнгө салынбай турганын баса белгилдеди.
Эрдоган: «Биринчи баш аягыбызды жыябыз, аза күтөбүз, андан кийин изилдөө жана иликтөөбүздү жүргүзөбүз»,-деди.
Премьер-министр Эрдоган кайдыгерлик айтымдарына да жооп берип: «Эч кырсык болбойт деген бир нерсе жок, бул жер жумушчунун ден-соолугу жана коопсуздугу үчүн коопсуз деп белгилениптир, ошого жараша иштерин улантышыптыр»,-деп айтты.
Бул кырсыкты мүмкүнчүлүк катары көрүп айрым чагымчылык кылгысы келген ашкере топтор бар экендигин белгилеген Эрдоган, буларга өлкөнүн ынтымагы жана тынчтыгы үчүн көңүл бурулбашын талап кылды.
Маалымат жыйынынан кийин премьер-министр Эрдоган мэриянын алдында өзүн күтүп турган сомалыктарга кайрылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар