Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-13

Ирак түркмөн адабиятынан Ирак түркмөн жазуучусу Ата Терзибашы жана анын чыгармачылыгы.

1014204
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-13

Урматтуу китеп күйөрмандары, биздин бүгүнкү “Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар” аттуу чыгарылышыбызда Керкүк түркмөн адабиятынын улуу инсанын тааныштырабыз. Керкүк түркмөндөрүндө таанымал изилдөөчү, журналист, ойчул жана түрк дүйнөсүнүн алдыңкы аалымдарынан болгон Ата Терзибашынын өмүр-баяны жана анын чыгармачылыгынан кеп салабыз.

 Кадырлуу окурмандар, Керкүктүн таанымал үй-бүлөсүндө төрөлгөн Ата Терзибашы Иракта жашаган түркмөндөрдүн маданиятын, адабиятын, тарыхын, тилин жана фольклорун жарым кылымдан бери талыкпастан таанытып, изилдеп келген улуу түрколог болгон. Орто Азияда аз таанымал болсо да Түркия жана Азербайжанда анын эмгектери ар качан окулуп келет. Ата Терзибашы өз изилдөөлөрү менен арап өлкөлөрүнө түрк элин тааныткан эркин элчи болгон. Изилдөөчүнүн өмүр-баянына кайрылсак, ал Ирактын Пиряды деген айылында 1924-жылы жарык дүйнөгө келген. Кичине кезинен эле Гүлистан, Гүлдесте жана атактуу Фузулинин чыгармаларынан азыктанып келген. Орто мектепти ал Керкүктө бүтүрүп, кийин Багдатта юридикалык факультетинде окуган. Бир жагынан адвокаттык кызматын өтөсө, экинчи жагынан газеталарга адабий макалаларын жарыялап турган. Бир учурларда Керкүктө жарыяланган “Афак” аттуу газетанын башкы редактору болуп кызмат өтөгөн. 1959-жылы диктатор Абдулкарим Касымдын учурунда Ирак түркмөндөрүнө жасалган саясий кысым менен түрмөгө камалган. Түрмөдөн чыккан соң адвокаттык жумушун уланткан. 2001-жылда велосипедден жыгылып бутун сындыргандан кийин өмүрүнүн акырына чейин калган эмгегин үйүндө уланткан. Анын миңге жакын илимий-изилдөө макалалары жана элүүгө жакын китептери жарыяланган. 2013-жылы талыкпаган эмгеги үчүн “Түрк Дүйнөсүнүн Адабиятына Кызмат” аттуу сыйлыктын, андан сырткары элүүгө жакын сыйлыктын ээси болгон. Ал 2016-жылы 92 жашында дүйнөдөн кайткан.

Иракта жайгашкан Мосул аймагынын Осмон империясы карамагынан чыккандан кийин ал жерде жашаган түркмөн эли ар түрдүү кыйынчылыктарга дуушар болгон. 1925-жылы Ирак конституциясында ошол түркмөн элинин тилин сактоо боюнча беренеси аткарылбай тилдери жоголо баштаган. Элге арап тили таңууланып коммуникация тили кызматындагы түркчөнү унуткарууга аракет кылышкан. Бирок Ата Терзибашы сыяктуу өз маданияты үчүн күрөшкөн айдыңдар түрк тилинде чыгармаларын жазышып тоскоолдуктарды ашкан. Ата Терзибашы элинин тарыхына кызмат кылып керкүк элинин ырлары, эски акын-жазуучулары, макал-лакаптары, керкүк элинин сөздүгү сыяктуу изилдөөлөрүн 50 жылдан ашуун изилдеп, коомчулукка тааныткан. Жазуучуну өз эли “улуу чынар багы”на теңеп, кара кылды как жарган адилеттүү адам болгонун жазып келишет. Эршат Хүрмүзлү аттуу жазуучунун эскерүүсүндө анын илим жолунда жол көрсөткүч даанышмандыгында мындайча баа бергени бар. “Мага Ирак түркмөн элинин кыскача тарыхы аттуу китеп жазуу тапшырмасы берилген. Ал китепти жазып бүткөрүп Ата Терзибашына алып бардым. Ал карап чыгып азыр да жадымдан чыкпаган маанилүү эскертүүсүн айтты. Эгерде жазган эмгегиңди өлүмсүз кылып жараткың келсе, анда колдонгон эмгектериңе да көңүл бөл. Эдмондс сыяктуу чындыкка жакындабаган эмгектерди колдонуп китеп барагын толтуруш үчүн жазган болсоң, анда келечекте сенин чыгармаң да баалуулугун жоготот, деди. Эдмондстун керкүк түрк эли боюнча тайкы маалымат берген китеби бар эле. Ошол күндөн баштап жолум такталды. Ата Терзибашы илимге өтө кылдат мамиле кылган аалым” деп баа берет.

             Ата Терзибашынын “Керкүктүк Фаиз” аттуу төрт томдон турган чыгармасы элге кеңири белгилүү. Жазуучунун эң негизги максаты - элинин өз маданияты, адабияты унутулуп кетпесине аракет жасап, эски акын-жазуучуларына кайрадан өмүр берген. “Керкүктүк Фаиз” аттуу эмгегинде дагы элинин таанымал, тарыхый инсан Фаиз аттуу акынын унуткарбай анын өмүр-баянын, ырларын кылдаттык менен изилдеп чыкканы айтылат. Мындан сырткары 13 томдон турган, адабий казынасын байыткан “Керкүк акындары” аттуу эмгектеринин орду толгус. Бул эмгектеринин өзгөчөлүгү адабиятчылар үчүн маанилүү болгон, акындардын ырларынын классификациясын жасап чыккан экен. Бул үчүн укмуштай күчтүн жана убакыттын талап кылганын айтып кийинки изилдөөчүлөр эмгектеринде баалап келет. Бул эмгегин 1963-жылынан баштап 2012-жылына чейин жазып чыккан экен.

             Элинин тарыхына ээ чыгып, тарых боюнча түптүү китептерин жарыялаган Ата Терзибашыны өз элин коргогон жоорек катары баалашат. Ата Терзибашы кылдаттык менен жараткан чынчыл, реалдуу илимий чыгармалары менен түрк дүйнөсүнүн жүрөгүндө ар дайым сакталып кала бермекчи.

Урматтуу китеп күйөрмандары, Ата Терзибашынын чыгармалары жана макалалары Түркия менен Азербайжанда кеңири таанымал. Бул аалымдын, түрк дүйнөсүнүн аксакалы Ата Терзибашынын Орто Азияда да таанылаарына үмүтүбүз чоң. Эгерде керкүк түркмөн элинин тарых-таржымалынан, адабиятынан кабардар болгунуздар келсе анда сиздерге Ата Терзибашынын эмгекетерин окуп чыгууңуздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.



Тектеш кабарлар