Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 44

Түркмөнстан өткөн 26 жылдык мезгилде абдан маанилүү жолду басып өттү.

842812
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар  - 44

 

Түрк дүйнөсүндө болгон жаңылыктар менен кабардар кылган Түрк дүйнөсүнөн кабарлар программабызга кош келдиңиздер.

Бул жумадагы биринчи кабарыбыз Түркмөнстандан. Түркмөнстан 27 -  октябрь жума күнү көз карандысыздыгынын 26 – жылын белгиледи. 1991 -  жылы  27 -  октябрда көз карандысыздыгын жарыялаган Түркмөнстан өткөн 26 жылдык мезгилде абдан маанилүү жолду басып өттү.

1995 – жылы 12 -  декабрда БУУ тарабынан Туруктуу тарапсыздык статусу берилген биринчи мамлекет болгон Түркмөнстан аймактык тынчтыктын түзүлүшүндө маанилүү иштерди жүргүзүүдө. БУУму менен кызматтаıтык ичинде жүргүзүлгөн иштерде өзгөчө коңшу Афганстан тууралуу проектилер көңүлдөрдү бурууда. Түркмөнстан Афганстанга гуманитардык жардамдар менен бирге электр сыяктуу күнүмдүк турмушта колдонулган муктаждыктардын камсыздалышы тууралуу да жардам берүүдө. Афганстан түркмөндөрүнүн билим алышы үчүн китеп, дептер, калем сыяктуу окуу каралдары боюнча да Түркмөнстан колунан келген жардамды берүүдө.

Түркмөнстан туруктуу тарапсыз өлкө катары аймактык тынчтыктын түзүлүшү менен бирге экономикалык жыргалчылык деңгээлинин жогорулатылышы, энергетика коопсуздугу тууралуу да активдүү иш алып барууда. Коңшу өлкөлөрдүн баары менен да жакшы ниеттүү жана кызматташтыкка таянган карым – катнаштарын өнүктүргөн Түркмөнстан башта БУУму болуу менен бир топ эл аралык мекемелер менен да кызматташтык ичинде. Биз да түрк дүйнөсүнүн негизги өлкөлөрүнүн бирөөсү болгон Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын туруктуу болушун каалайбыз.

 

Кезекте Өзбекстандан бир кабарыбыз бар. Өзбекстан тышкы саясатында ачыктык жана жакшы коңшулук мезгилин жашап жатат. Каримов мезгилинен кийин президент болуп шайланган Мирзиеев ачык, жакшы коңшулук карым – катнаштарын камтыган жана активдүү бир тышкы саясат жүргүзүү менен көңүлдөрдү бурууда.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев кызматка келген күндөн бери кылган реформалар, дипломатиядагы ачыктык саясаты, маселесиз коңшулук карым – катнаштары үчүн демилгелери менен өлкөсүнүн тышкы саясатында жаңы бир мезгил баштатты.

Өзбекстанды 27 жыл башкарган маркум президент Ислам Каримовдон кийин президент болуп шайланган Мирзиеев кызматын баштагандан кийин 2017 – 2021 -  жылдарды камтыган мамлекеттик башкаруу жана сот системасынын модернизациясы, экономиканын либералдаштырылышы, тышкы саясат жана социалдык сектордогу реформаларды камтыган беш негизги принциптен турган өнүгүү стратегиясын билдирди.

Мирзиеевдин тышкы саясаттагы максатынын токтоп калуучулукту таштап, оболу аймагында болуу менен активдүү бир дипломатия экендиги алгачкы күндөрдө эле сездирди.

Президенттиктин биринчи 10 айында 13 өлкө тышы сапарга чыккан Мирзиеев сапарларынын көпчүлүгүн тышкы саясатынын негиздеринен бирин түзгөн жакшы карым – катнаштарды куруу жана  улантууну каалаган коңшу өлкөлөргө жасады.

Түркмөнстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Кыргызстан сыяктуу жакын өлкөлөр менен карым – катнаштарын бекемдеген Миризиеев ислам өлкөлөрүнүн саммити үчүн Сауд Аравия жана БУУнун Жалпы Кеңеши үчүн да АКШга барды. Мирзиеевдин бул мезгилде түрдүү себептер менен Казакстанга төрт, Түркмөнстанга үч, Орусияга да эки жолу баргандыгы көңүлдөрдү бурду. Тажикстандан башка Орто Азия өлкөлөрүнө сапар менен барган Мирзиеев бул өлкөлөр менен карым – катнаштарын өнүктүрүүгө карата маанилүү эки тараптуу келишимдерге кол койду.

Түркияга расмий сапар менен келген Өзбекстандын президенти маанилүү келишимдерге кол койду. Шавкат Мирзиеевдин Анкара сапары 20 жылга жакын убакыттан кийин аткарылган биринчи сапар болушу жактан да чоң мааниге ээ болууда. Президент Р. Т. Эрдоган андан мурда Кытайда жана Казакстанда өткөрүлгөн эл аралык жыйындардын негизинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Акыркы кабарыбыз Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Стамбул сапары тууралуу.

Өткөн жумада Азербайжандын президенти Илхам Алиев Түркиянын президенти Р. Т. Эрдогандын чакыруусу менен атайын конок болуп Стамбулга келди. Илхам Алиев Түркия башкаруусу менен сүйлөшүүлөрүнүн тышында дүйнөнүн өнүгүп келе жаткан сегиз өлкөнүн «Кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү» деген темада экономикалык кызматташтык уюмунун 9 -  саммитине катышты. Өнүккөн сегиз өлкөнүн экономикалык кызматташтык уюмунун баш катчысы Сеййид Али Мухаммед Мусават ачылышта сүйлөгөн сөзүндө саммиттин манисинен сөз кылды. Д – 8 уюмунун кезектешкен башкаруучусу пакистандын премьер  - министри Шахид Хакан Аббаси мүчө өлкөлөрдүн заманбап мезгилде уюмдун иш алып баруу тармагын кеңейтүүсү керектигин баса белгиледи. Уюмдун жаңы кезектешкен башкаруучусу Түркиянын президенти Р. Т. Эрдоган сөзүндө үч континенттин өлкөлөрүн камтыган Д – 8дердин акыркы жыйырма жылдагы ийгилигин баса белгиледи. Түркия президенти мусулмандар жашап жаткан аймактарда акыркы жылдарда болгон кагылышуулар, террор окуялары, табигый апааттардын оор жыйынтыктары болгондугуна көңүл буруп, глобалдык адилетсиздиктин азаюнун ордуна артууну улантып  жаткандыгын айтты.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Д – 8дер уюмунун 9 -  саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Азербайжандын ислам дүйнөсүнө чоң маани бергендигин жана салым кошкондугун айтты. 2017 -  жылы Азербайжанда «Ислам тилектештик жылы» жарыяланды. Ошол эле учурда  бул жылы Азербайжанда 54 ислам өлкөсүнөн келген үч миңге жакын спортсмендин катышуусу менен 4 – ислам тилектештик оюндары өткөрүлдү. Бүгүн дүйнөдө эң олуттуу коркунучтардын бирөөсү болгон исламофобия менен күрөшүп жатышкандарын да сөздөрүнө кошту.

Д – 8 группасында Түркия, Иран, Пакистан, Бангладеш, Малайзия, Индонезия, Египет жана Нигерия бар. Группадагы Түркия менен Индонезия чоң жыйырмалардын мүчөсү. Д – 8дин эң чоң максаты мүчө өлкөлөрдүн арасында кызматташтыкты өнүктүрүү жана экономикалык, социалдык тармактарда карым – катнаштарды күчтөндүрүү.



Тектеш кабарлар