Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 37

Татарстандагы Болгар Ислам Академиясы студенттерди кабыл ала баштады.

818683
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 37

 

Түрк дүйнөсүнөн жаңылыктар менен тааныштырган «Түрк дүйнөсүнөн кабарлар» программабызга кош келдиңиздер. Бул жумадагы биринчи кабарыбыз Татарстандан. Татарстандагы Болгар Ислам Академиясы студенттерди кабыл ала баштады.

Академияда өткөрүлгөн расмий ачылуу аземинде Татарстандын президенти Рүстем Минниханов Орусиянын президентинин Идил аймагынан жооптуу өкүлү Михаил Бабич, Татарстан парламентинин спикери Турхан Дилмач, Ислам тарыхы, көркөм өнөр жана маданият изилдөөлөрү борборунун башкы директору Халит Эрен, Орусия мусулмандар борборунун аймактык диний башкармалыгынын төрагасы муфтий Талгат Тажеддин, Орусия федерациясынын мусулмандары диний башкаруусу жана муфтийлер кеңешинин төрагасы Равил Ганутдин, Татарстан муфтийи Камил Семигуллин жана башка көп сандаган татарстандык министр жана депутат катышты.

Татарстандын президенти Рүстем Минниханов ачылышта сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын президенти В. Путинге академиянын курулушунда көрсөткөн жардамдарынан улам рахмат  айтты. Бул ачылышка Орусия жана Татарстан үчүн тарыхый бир окуя катары баа берди.

Орусия президенттигинин Идил аймагынын жооптуу өкүлү Михаил Бадич да Орусиянын президенти В. Путиндин академиянын ачылышына жиберген куттуктоосун окуду. Академиянын Орусияда медресе жана университеттен турган эки баскычтуу диний билим берүү системасынын үчүнчү алкагын түзөрүн айткан Бадич ушул күнгө чейин Орусияда мындай билим берүү систмасынын болбогондугун, эми Орусия мусулмандарынын чет өлкөлөргө барбастан өлкөлөрүндө жогорку деңгээлде диний билим ала аларын айтты.

Түркиянын Казандагы башкы консулу Турхан Дилмач Анадолу агенттигине берген маалыматында Болгар Ислам Академиясынын мекеме катары ачылган жеринен улам да символдук  баалуулукка ээ экендигин белгиледи. Дилмач : «Болгар шаары түрк калкы алгачкы болуп мусулманчылыкты кабыл алган шаар. Бул академия азыркы Орусияда диний иш чараны толуктай турган жана муктаждыктарга жооп бере ала турган диний билим берүү мекемеси болот. Түркия да Болгар Ислам Академиясы менен жакын кызматташтык ичинде болот»,- деди.

Ислам тарыхы, санат жана маданият изилдөөлөрү борборунун башкы директору доктор Халит Эрен Болгарда ислам академиясынын китепканасына исламиеттин биринчи кылымында басылган Кураандын түп нускасын белек кылды.

Академияга 2017 – 2018 – окуу жылы үчүн 100 киши кайрылып, 27 киши магистрдык программага жана тогуз киши доктора программасына тапшырып жалпы 36 киши диний билим алат.

 

Кезектеги кабарыбыз Казакстандан.

Казакстандын борбор шаары Астанада Сирия жыйыны 14 – 15 – сентябрда өткөрүлөт. Казакстандын тышкы иштер министрлиги борбор шаар Астанада алтынчысы өткөрүлө туган Сирия жыйынынын 14 – 15 -  сентябрда өткөрүлөрүн билдирди. министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта жыйында коопсуз аймактардагы коопсуздук күчтөрүнүн аткара турган иштерин иретке салган документтердин каралары жана Идлибдеги текшерүү күчтөрүнүн түзүлүшү тууралуу иштердин улантыларын айтылды.

Катышуучулардын Идлиб, Хомс жана Чыгыш Гута аймактарындагы коопсуз аймактардын чектерин бекитери билдирилген маалыматта координация борбору, камоодогу кишилердин жана туткундардын эркин койо берилиши тууралуу орток иш алып баруу тобу, жаназалардын берилиши жана жоголгон кишилерди издөө сыяктуу өкүм долбоорунун да бекитилери белгиленди. Маалыматта тараптардын жыйында Сирияда ЮНЕСКОнун маданий мурас тизмесиндеги аймактардын да миналардан тазаланышы тууралуу билдирүүнү кабыл алышары белгиленди. Маалыматта өзгөчө Түркия, Иран жана Орусиядан турган кепил өлкөлөрдүн 13 -  сентябрда техникалык сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү жарыяланды.

4 -5 -  июлда бешинчиси өткөрүлгөн Астана жыйынында коопсуз аймактар тууралуу бирдикте иш алып баруу группасын түзүү жана сүйлөшүүлөрдү улантуу чечими чыгарылган.

***

Татарстанда 13 -  Эл аралык Казань мусулман кино фестивалы азем менен өткөрүлдү. Борбор шаар Казандагы Пирамида маданият жана көңүл ачуу борборунда өткөрүлгөн азем катышуучулардын кызыл килемден өтүү аземи менен башталды.

Татарстандын президенти Рүстем Минниханов аземде сүйлөгөн сөзүндө фестивалдын жыл сайын дагы көп кызыгууларды тарткандыгын белгиледи. Фестивалда Түркиянын атынан кыска фильм тармагында катышкан «Дубал» аттуу кинонун режиссеру Мустафа Корай Полат, Анадолу агенттигинин кабарчысына биринчи жолу Казанга баргандыгын жана бул фестивалга катышуудан бактылуу экендигин айтты. Полат «Дубал» аттуу кинонун Түркияда балдары менен жашоо үчүн күрөшкөн сириялык аялдын баянын сүрөттөгөндүгүн айтты.

Фестивалга Түркиянын атынан Абдулгафур Шахин тарткан «Чүнкү ашк», Мустафа Каранан Венгрия  - Түркия биргелеше тарткан «Каландар соугу», Мехмет Башактын «Эски гүзел гүнлерин сону» аттуу кинолор катышты. «Цивилизациялар диалогунан диалог цивилизациясына» деген ураан менен өткөрүлгөн фестивалдын бул жылкы конкурстук программасына 27 өлкөдөн 60 кино катышты. Фестивал менен коомдордун ислам жана мусулмандар тууралуу туура маалыматтарды берүү жана обьективдүү пикирге ээ болуулары максат кылынды. Фестиваль 11 – сентябрда аяктады.



Тектеш кабарлар