Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 32

БУУнун баш катчысы Түркмөнстандын президентине Ашкабат сапарында көрсөткөн меймандостугуна рахмат айтты.

789224
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 32

Сүйүктүү окурмандар, түрк дүйнөсүнөн жаңылыктар менен кабардар кылган Түрк дүйнөсүнөн кабарлар программабызга кош келдиңиздер.

Бул жумадагы биринчи кабарыбыз Түркмөнстандан.

БУУнун баш катчысы Түркмөнстандын президентине Ашкабат сапарында көрсөткөн меймандостугуна рахмат айтты.

Орто Азия саякатынын негизинде 13 -  апрелде Түркмөнстанга барган БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедовго кат жиберип, Ашкабат сапарында жылуу тосуп алуу жана меймандостугуна рахмат айтты.

Түркмөнстан мамлекеттик маалымат агенттигинин кабарына караганда баш катчы Гутерреш катында улантууга боло турган өнүгүү, транзиттик транспорт, террор менен күрөш, аймактык кызматташтыктын күчтөндүрүлүшү сыяктуу орток максатка карата аракеттеринен улам Түркмөнстан башкаруусун колдогондугун айтты.

Түркмөнстандын «Бириккен Улуттар Уюмунун глобалдык терроризм менен күрөшүү стратегиясынын» алкагында «БУУ – Орто Азия диалогунун» улантылышына берген колдоонун  маанилүү экендигин баса белгилеген Гутерреш 13 -  июнда Ашкабатта өткөрүлгөн жыйындын акырында кабыл алынган орток билдирүүнүн Орто Азия өлкөлөрүнүн баарынын БУУ менен террор жана башка коркутууларга каршы координациялуу күрөшүү үчүн кызматташтык түзүүгө даяр экендигинин бир көрсөткүчү экендигин айтты.

13 -  июнда Ашкабатта Орто Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана башка жетекчилердин катышуусу менен өткөрүлгөн «БУУ  - Орто Азия  жогорку мартабалуу диалог жыйынында» аймак өлкөлөрүнө таасир берген түрдүү терроризм коркунучтары талкууланып, террор менен күрөштө кызматташтыктын улантылышына байланыштуу билдирүү кабыл алынган.

***

Өзбекстан менен Кыргызстандын чек ара маселеси сүйлөшүлдү. Өзбекстан менен Кыргызстандын орток иш алып баруу тобу тогуз күн талаш  - тартыштуу аймактарда эки өлкөнүн ортосундагы чек аралардын аныкталашына байланыштуу сүйлөшүүлөдү өткөрдү.

Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан түзүлгөн орток иш алып баруу топ өткөн жумада Кыргызстандын Бишкек шаарында жолугушту. Топ Өзбекстан  -  Кыргызстан мамлекеттик чек араларынын белгиленишине карата тогуз күн сүйлөшүү өткөрдү.

Өткөн  жолугушуулардан кийин иш алып баруу жыйынтыктарына байланыштуу  токтомго кол коюлду. Билдирүүгө караганда орток иш алып баруу тобунда Өзбекстан делегациясынын төрагасы Илхом Нематов менен Кыргызтан делегациясынын төрагасы Курбанбай Искандаров, Кыргызстандын премьер  - министри Сооронбай Жээнбеков тарабынан да кабыл алынды.

Жолугушууда премьер  - министр Жээнбеков сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди. Нематов айрыкча вице  - премьер Женишбек Раззаков менен жолугушуп чек ара маселесин сүйлөштү.

Өзбекстан – Кыргызстан орток иш алып баруу группасы апрель жана май айларында да чек араны аныктоо иштерине байланыштуу аянт жана топография иштерин аткарган болчу.

Тараптар өткөн жылы ноябрь айында Фергана шаарында  өткөргөн жыйында көз карандысыздыктын алгачкы жылдарынан бери эки өлкөнүн ортосундагы талаш  - тартыштуу 7 чек ара тууралуу келишим түзүлүп, ушундайча эки өлкө макулдашкан чек ара жеринин саны 56га жеткен. Көз карандысыздыктарына 1991 -  жылы жетишкен Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда 1378 километр узундукта чек ара бар. Тараптар көз карандысыздыгына жетишкенден кийин башталган чек ара белгилөө иштеринде чек аранын 300 километрдик бөлүгүндө азырынча макулдашуу түзүлө элек.

***

Акыркы кабарыбыз Казакстандан. Казакстандын калкы 18 миллондон ашты. Казакстандын калкы 2017 -  жылы 1 -  июнь күндөн баштап 18 миллион 14 миңге жетти.

Казакстан улуттук статистикалык кеңеши 2017 -  жылдын 1 -  июндан баштап өлкө калкынын санын билдирди. Ушуга караганда  өлкө калкынын саны өткөн жылдын июнь айына караганда 1, 3  пайызга артуу көрсөтүп 18 миллион 14 миң кишиге жетти. Өлкөдө калктын 10 миллион 358 миңи шаарларда, 7 миллион 656 миңи да айылрдарда жашайт. 2017  - жылдын январь  -  май айларында 155, 4 миң бала төрөлгөн. Төрөө катнашы өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 6, 2 пайызга артка кеткен. 1 жашка чейинки бөбөктөрдүн өлүмүндө болсо өткөн жылга караганда 16, 8 пайызга азайган болду.



Тектеш кабарлар