Түрк дүйнөсүнөн кабарлар  - 18

Түркия менен Түркмөнстандын карым – катнаштарынын 25 – жыл конференциясы болуп өттү.

727080
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар  - 18

 

Урматтуу окурмандар, жумалык берилүүчү Түрк дүйнөсүнөн кабарлар программабызга кош келдиңиздер.

Бул жумадагы  биринчи кабарыбыз Түркмөнстандан.

Түркия менен Түркмөнстандын карым – катнаштарынын 25 – жыл конференциясы болуп өттү. Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым – катнаштардын 25 жылдыгы иш чаралардын негизинде Ашкабатта конференция өткөрүлдү.

Бир тууган эки өлкө Түркмөнстан менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык карым – катнаштардын 25 жылдыгынан улам Ашкабат элчилиги менен Түркмөнстандын тышкы иштер минисрлигинин биргеликте өткөргөн конфетенциясында Түркмөнстан  -  Түркия карым – катнаштарынын тарыхый өткөн күнү жана бүгүнү каралып, келечекке карата сунуштар билдирилди. 

Конференциядан мурда Ашкабаттагы Түркия элчиси Мустафа Капужу менен Түркмөнстан эл аралык карым – катнаштар институнун ректору Баба Захиров тарабынан эки өлкөнүн карым – катнаштарынын оң бараткандыгын жыйынтыктаган фотография көргөзмөсү ачылды.

Конференцияга ОДТҮ Ортоңку Чыгыш техникалык университетинин мугалими, профессор Октай Танрысевер жана Гази университетинин мугалими, доцент Түмен Сомунжуоглу менен Түркмөнстан эл аралык карым – катнаштар институтунун мугалимдери Алтын Махмутова жана Кошмурат Атаев доклад окушту.  Доклад окугандар түркмөн жана түрк калктарынын ортосундагы бир туугандык негиз болгон орток маданиятты баса белгилешти.

Түркмөнстандагы негизги инвестициялар жана Аваза туризм аймагынын курулушунда түрк фирмаларынын ролуна көңүл бурган түркмөн катышуучулар : ТИКАнын экономикалык, билим берүү жана маданий тармактарда ишке ашырган проектилерге көңүлдөрдү бурушуп мактоого ылайык экендигин билдиришти.

Конференцияга Ашкабаттагы чет элдик миссия өкүлдөрү, Эл аралык карым – катнаштар институту жана Гуманитардык илимдер университетинин мугалим жана студенттери менен Түркмөнстанда жашаган түрк жарандар,  Ашкабат түрк Анадолу лицейинин окуучулары угарман катары катышты.

Конференциянын ачылышында сөз сүйлөгөн элчи Мустафа Капужу 1991 – жылы 16 – декабрда Түркмөнстандын көз карандысыздыгын тааныган жана андан кийин 1992 – жылы 29 -  февралда Түркмөнстан менен дипломатиялык карым – катнашты курган жана борбор шаар Ашкабатта элчилик ачкан биринчи өлкөнүн Түркия республикасы экендигине көңүлдөрдү бурду.

Урматуу угармандар тарыхый Жибек Жолу  маданий туризм менен жанданат. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши тарабынан тарыхый Жибек Жолун маданий жана соода туризмине ачууга карата даярдалган орток тур пакети Түрк Кеңешинин борборунда таанытылды.

Түрк Кеңешинин баш катчысы элчи Рамил Хасанов өткөргөн пресс – жыйынында маданий туризм  тууралуу альтернативдик жолдорду издегендер үчүн атайын бир пакет даярдашкандарын, проектини турмушка ашыргандан мурда 3 жыл иштешкендерин белгиледи. Хасанов  Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөр болгон Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын проектиге мамлекет башчыларынын деңгээлинде колдоо беришкендерин, өздөрүнүн да 3 жылдык саясий колдоо беришерин, бул убакыттын ичинде максаттарынын 1 миллион туристке жетүү экендигин белгиледи.

Жибек Жолуна байланыштуу көп түрдүү проектилердин турмушка ашкандыгын эске салган Хасанов буларды айтты : «Туризм тармагында 4 өлкө жолугушуу менен турмушка ашырган биринчи проекти бул. Биз күткөн масса Европадан жана Ыракы Чыгыштан маданият туризмине багыт алган адамдар. Бул турдун көңүлдүү тур болушун күтүп жатабыз».

Маданият жана соода туризми деген мааниде аймакта олуттуу бир боштуктун бар экендигин баса белгилеген элчи Хасанов Түркия республикасынын премьер – министрлик таанытуу фонду жана түрк аба жолдорунун спонсорлугунда ишке ашкан проектинин ошол эле тектеш  бир тууган өлкөлөрдүн арасында да бир көңүл байланышын түзөрүнө ишенишкендерин баса белгиледи.

14 күн деп пландалган «Заманбап Жибек Жолу орток тур пакетинде» тарыхый Жибек Жолу аркылуу өткөн шаарлар негизги багыт катары алынат. Тур Түркиядан Кайсери, Невшехир, Конья жана Стамбул, Азербайжандан Генже, Шеки Шамахлы жана Баку, Казакстандан Алматы, Чимкент, Түркстан, Отрар жана Талас менен Кыргызстандан Баласагун, Нарын, Чолпон – Ата, Ысык – Көл жана Бишкек шаарларын камтууда.

Акыркы кабарыбыз Казакстандан. Казакстан латын тамгаларына өтүүгө даярданууда.

Казакстандын президенти Назарбаев өлкөсүнүн 2025 – жылга чейин толугу менен латын тамгасына өтүшү керектигин билдирди.

Казкстандын президенти Нурсултан Назарбаев «Эгемендүү Казакстан» гезитинде жарыяланган макаласында : «2025 – жылга чейин бардык документтерде латын тамгасына өтүлүшү, сабак китептеринин жана мезгили менен жарыяланган латынча басылмасы керек. Бул убакыт жакындап келе жатат жана биз убакыт жоготпостон бул ишти баштообуз керек»,- деди. Назарбаев өкмөткө жылдын акырына чейин казак латын алфавитинин түзүлүшү үчүн жолдомо бергендигин белгиледи.

Президент Назарбаев 2018 – жылдан баштап жаңы латын алфавитин үйрөтө турган адистердин даярдалышы жана сабак китептеринин латынча жазылышы үчүн даярдыктардын башталышы керектигине көңүлдөрдү бурду. Казакстан 1929 – жылдан 1940 -  жылга чейин казак латын алфавитин колдонуп, андан кийин кирриллицага өткөн.



Тектеш кабарлар