Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 17

Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов 2017 – жылдын 18 – 19 – апрелинде Казакстанга расмий сапар менен барды.

720358
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар  - 17

Урматтуу угармандар, жумалык берилүүчү Түрк дүйнөсүнөн кабарлар программабызга кош келдиңиздер. Бул жумадагы  биринчи кабарыбыз Казакстандан. Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов 2017 – жылдын 18 – 19 – апрелинде Казакстанга расмий сапар менен барды.

Казакстандын президенти Н. Назарбаев борбор шаар Астанада Түркмөнстандын президенти Гурбангули  Бердимухаммедов  менен жолугушту. Расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Астанага барган Түркмөнстандын президенти Бердимухаммедов казак кесиптеши Назарбаев тарабынан Акорда сарайында расмий азем менен тосулуп алынды. Эки лидердин жекеме – жеке сүйлөшүүлөрүнөн кийин делегациялар аралык жолугушууга өтүлдү. Өткөрүлгөн орток пресс жыйында сөз сүйлөгөн Назарбаев акыркы 25 жылда эки өлкөнүн  бири бирин түшүнүшкөндөрүн белгилеп : «Өлкөлөрүбүздүн ортосунда эч качан чечилбеген маселе болгон жок. Карым – катнаштарыбыз башталышынан бери ушундай улантылууда. Эл аралык деңгээлде Түркмөнстандын инциативдерин колдоп келебиз жана тышкы саясатта кызматташтык түзүүдөбүз»,- деди.

Назарбаев Түркмөнстандын Казакстандын аймагындагы негизги өнөктөш жана союздашы экендигине көңүлдөрдү буруп : «Мурунку доорлордон бери бизди орток тарыхый тегибиз, тилибиз жана динибиз бириктирип турат. Транзит жана транспорт, энергетика жана башка тармактардагы кызматташтыгыбыз өнүгүүдө»,- деди.

Сүйлөшүүлөрдүн негизинде Казакстан менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык ортоктук келишимине кол коюу менен карым – катнаштардын жаңы өнүгүү деңгээлине чыгарын айткан Назарбаев : «Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бардык чек ара маселелерин чечип жатабыз жана бул эки өлкө эч бир чек ара маселеси болбогон бир гана өлкө болот»,- деди.

Назарбаев  эки өлкөнүн ортосундагы достук карым – катнаштарынын негизинде Казакстан аркылуу Түркмөнстан  - Иран темир жолу проектиси сыяктуу орток проектилердин ийгиликтүү ишке ашкандыгын эске салып : «Азыркы учурда Жибек Жолун сүйлөшүүдөбүз. Бул тууралуу 15 -  майда Пекиндеги «Бир муун, бир жол» форумунда сөз болот. Буга маанилүү багыт катары карап жатабыз. Биздин максатыбыз муну абдан чоң максаттар менен толтуруу»,- деди.

Түркмөнстандын президенти Бердимухаммедов да Казакстан менен эл аралык аренадагы перспективаларынын бир экендигин айтып : «Булар бир гана аймактагы эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү тынчтык, ырааттуулук жана коопсуздук маселелер. Мисалы биз БУУ, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму жана башка эл аралык курулуштар менен «ачык каалга» саясатын жүргүзүүдөбүз»,- деди. Сүйлөшүүлөрдөн кийин эки өлкөнүн ортосунда стратегиялык ортоктук кызматтыштык, мамлекет чектеринин белгилениши, эки өлкөнүн өкмөт комиссияларынын ортосундагы кызматташтык, жашыруун маалыматтардын  сакталышына карата келишимдер менен бирге бир топ келишимдерге кол коюлду.

Кезекте түрк дүйнөсүн кызыктырган кабарыбыз бар.

Түркмөнстандын негизги маселелеринин бири болгон суу маселесинин аймак өлкөлөрүнүн эки тараптуу карым – катнаштарына да тескери таасир тийгизгендиги көрүнүүдө. Шавкат Мирзиеев президент болуп шайлангандан кийин Өзбекстандын бул маселе менен жакындан алкетенип жана маселенин чечилиши үчүн аракеттерин баштады. Өзбекстандын коңшулары менен карым – катнаштарын оңдоо аракети Орто Азияда көптөгөн жылдардан бери улантылып келген суу маселесиндеги бир кыймылдуулук катары каралууда.

Афганстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан чек араларынан өткөн Аму  - Дарыя, бул өлкөлөрдүн дыйканчылык аянттары үчүн колдонулууда. Сыр  - Дарыя да Өзбекстан менен Казакстандын түштүгүндөгү дыйканчылык аянттарын суугарат. Советтер союзу мезгилинде Аму  - Дарыясы менен Сыр - Дарыясына жогору жактан жээктеш Кыргызстан менен Тажикстан жерлеринде гидроэлектр станциялары жана орток энергетика системасы менен бардык аймакка энергетика берип, төмөнкү жээктеш өлкөлөр дарыя сууларын дыйканчылык аянттары үчүн колдонуп жаткан. Бирок советтер союзунун  таркашы менен орток энергетика системасынын иштебей калышы жана аймактагы кургакчылыктын айынан чыккан суу маселеси өлкөлөр арасындагы карым – катнаштарда кээ кээде  араздашуулардын болушуна себеп болууда.

Азыркы гидроэлектр энергия потенциалынын аз көлөмүн өнүктүргөн жана өзгөчө кыш айларында энергетика маселесин жашаган Кыргызстан менен Тажикстандын Аму  - Дарыя жана Сыр  - Дарыянын жээктеринде Рогун жана Камбар - Ата ГЭС проектилерин башташына төмөнкү жээктеш  өлкөлөр каршы чыгышууда.

Өзбекстан чоң ГЭСтердин аймактын экологиясына, экономикалык жана саясий түзүлүшүнө олуттуу зыянын тийгизерин ортого салып, станциялардын эл аралык комссиялар тарабынан техникалык иликтөөнүн жүргүзүлүшүн каалап жатышат. Адистер Каримовдун каза болушунан кийин бийликке келген мурунку премьер – министр Шавкат Мирзиеевдин коңшулары менен карым – катнаштарын оңдоо жана суу маселесинде  макулашуу түзө алары белгиленүүдө. Мирзиеев президенттик кызматка келгенде биринчи сапарын Түркмөнстанга жасады.

Президент Мирзиеев Казакстан сапарынын негизинде  берген маалыматында ГЭС проектилеринин макулдашуунун негизинде  ишке ашышы керектигин жана ушунун негизинде БУУнун Аму Дарыя менен Сыр Дарыянын рационалдуу жана бирдей колдонулушу менен эл аралык келишимге кол коюу пикирин колдошкондорун айткан.

Президент Назарбаев да суу булактарынын бардык аймактын мүлкү экендигин, ошондуктан дарыя сууларынын башка өлкөлөргө зыяны тийбей тургандай түрдө колдонушулу керектигин белгилеген. Адистер 1998 -  жылы Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан тарабынан Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте кол коюлган «Сыр - Дарыя аймагындагы суу жана энергетика булактарынын колдонулушу» келишимине таасиринин жок экендигин ортого салууда.

Урматтуу угармандар, түрк дүйнөсүнүн маданият борбор шаары иш чараларынын негизинде Эл аралык түрк  маданияты уюму ТҮРКСОЙ фотографчылар жолугушуусунун 14 – сү Казакстандын Түркистан шаарында башталды.

ТҮРКСОЙдон берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Элдик өнөр борборундагы жолугушуунун ачылышына Түштүк Казакстан аймагынын губернатору Уласбек Садибеков менен Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Татарстандан 16  фотограф өнөрпозу менен көп сандаган коноктун катышкандыгы билдирилди.

Жолугушуунун негизинде фотографчылардын 4 топко бөлүнүп аймактагы тарыхый жана маданий мурасты коргогон жерлерди кыдырып, сүрөткө тарткандыгы билдирилген маалыматта бул чыгармалардын «Түрк дүйнөсү фотографчыларынын көзү менен Түркстан» деген темадагы көргөзмөгө чыгарылды. Маалыматта  ТҮРКСОЙдун түрк республикаларынын бай маданиятын, салттык жана заманбап өнөрдү дүйнөгө таанытууга аракет кылгандыгы белгиленип, бул уюмдун максатынын заманбап коомдордо демократиялык бир өнөр тармагы болгон фотографчылыкты колдоо жана түрк калктарынын бул тармакта күчтүү экендигин дүйнөгө таанытуу экендиги билдирилди.

ТҮРКСОЙ фотографчылар жолугушуусу 2004 -  жылдан бери  жыл сайын өткөрүлүүдө.



Тектеш кабарлар