Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 4

Түркия жана Азербайжандын ортосундагы дипломатиялык карым – катнаштары 25 -  жылын аяктады

659148
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар  - 4

Сүйүктүү окурмандар, жума сайын берилген Түрк дүйнөсүнөн кабарлар программабызда кайрадан бирдиктеби.

Биринчи кабарыбыз Азербайжандан. Түркия жана Азербайжандын ортосундагы дипломатиялык карым – катнаштары 25 -  жылын аяктады.

Түркия 1991 -  жылы 30 -  августта  көз карандысыздыгын жарыялаган Азербайжан республикасын 1991 – жылы 9 -  ноябрда тааныган биринчи мамлекет болгон. Дипломатиялык карым – катнаштар 1992 -  жылы 14 -  январда курулган жана Бакуда башкы консулдук катары кызмат кылган  өкүлчүлүк элчилик  деңээлине чейин жогорулады. Азербайжанда айрыкча Нахчеван жана Генже башкы консулдуктары иш алып барууда. Азербайжандын болсо Анкарадагы элчилиги менен Стамбул жана Карста башкы консулдугу бар.

Түркиянын Азербайжан менен карым – катнаштары көп тараптуу жана стратегиялык деңгээлде. Улантылып жаткан бири бирине карата жогорку деңгээлдеги сапарлар, карым – катнаштардын артындагы эң негизги  түрткү берүүчү күч. Эки өлкөнүн мамлекеттик жетекчилери кызматка келгенден кийин бири бирине сапар менен баруу салтка айланган.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Түркия жана Азербайжандын ортосунда дипломатиялык карым – катнаштардын курулушунун 25 жылдыгынан улам президент Р. Т. Эрдоганга куттуктоо жиберди. Президент Алиев куттуктоосунда бул сөздөргө орун берди : «1992 -  жылы 14 -  январда Азербайжан менен Түркиянын ортосунда дипломатиялык карым – катнаштар курулган күн. Бул маанилүү окуядан улам сизди куттуктаймын. Дос жана бир тууган түрк калкына чын жүрөктөн каалоолорумду билдирем.

Көз карандысыз Азербайжандын тарыхында бир тууган Түркия дипломатиялык карым – катнаштарды курган биринчи мамлекет. Элдерибиз жана өлкөлөрүбүздүн ортосунда карым – катнаштар терең тарыхый өтмүшкө таянат. Өткөн жылдардын ичинде «бир улут – эки мамлекет» принциби дүйнөдө окшошу болбогон Азербайжан – Түркия карым – катнаштарынын  бардык тармактарын камтыган.

Достук жана бир туугандык боюнча курулган карым – катнаштарыбыз бүгүн биргелешкен аракеттерибиз менен стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыкты. Азербайжан  - Түркия өнөктөштүгү элдерибиздин бейкуттугуна, өлкөлөрүбүздүн өнүгүшүнө, аймакта тынчтык жана ырааттуулуктун курулушуна кызмат кылууда. Түркия  -  Азербайжан биримдик жана тилектештигинин мындан кийин да элдерибиздин кызыкчылыгынын негизинде күчтөнөрүнө жана өнүгөрүнө ишенем».

Эмки кабарыбыз Түркмөнстандан. Түркмөнстанда инвестициялар 2017 -  жылы да улантылат. 2016 -  жылы инвестиция бюджетинин маанилүү бөлүгүн Ашкабатта курулган олимпиада курулуштары үчүн бөлгөн Түркмөнстанда 2017 -  жылы 873 жаңы курулушту пландап жатат.  Сентябрь айында боло турган 5 -  Азия олимпиадалары үчүн борбор шаар Ашкабатта даярдалган олимпиада курулуштары түрк инженердик фирмалары тарабынан аткарылды жана бүткөрүлдү.

Түркмөнстандын 2017 -  жылдагы бюджетинде да курулуш секторунун инвестициялары үчүн 42 миллиард 700 миллион манат бөлүндү. Инвестиция бюджетинин 34 миллиард 900 миллион манат өндүрүштү максат кылган курулуштар, 7 миллиард 800 миллион манаты болсо социалдык курулуштарды куруу үчүн жумшалат.

Түркмөнстандын экономикасына байланыштуу берилген маалыматтарда Түркмөнстан менчик секторунун өнөр жай өндүрүшүндөгү үлүшүнүн 2016 -  жылы 40 пайыздарга жеткендиги билдирилди. 2016 -  жылы түркмөн менчик сектору тарабынан керамика жана кирпич, түтүк менен кабель, гипс жана гипс буюмдары менен көп сандаган килем жана мебель өндүрүү заводдору ишке кирди. 2017 -  жылы да менчик сектордун колдоого алынышынын улантылары белгиленди. 2016 -  жылы Улуттук өлкө ичиндеги киреше сандарында 6,2 пайыздык катнашта өсүүгө жетишкен Түркмөнстанда 2017 – жылдагы максат экономиканы 6,5 пайызга өстүрүү.

Кезек Өзбекстанда.  Өзбекстандын белгилүү Ак Сарайдын Ислам Каримовдун музейи катары кызмат кылышы күтүлүүдө. Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов үчүн эстелик музей катары Ташкенттеги Ак Сарай курулууда.  Бул тууралуу социалдык желе фейсбуктан «Каримовдун балдары» группасы кабар берди. Музейдин ачылыш салтанаты Ислам Каримовдун туулган күнү болгон 30 -  январда өткөрүлөт. Алынган маалыматка караганда Сарайда акыркы күндөрдө тынымсыз оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ак Сарайды музейге айландыруу кабары өткөн айда да басма сөздө орун алган. Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиёев болсо Көз карандысыздык аянтындагы сенаттын экинчи кабатында күнүмдүк иштерин жүргүзүп, чет элдик конокторун да ошол жерде кабыл алууда.

Эки жылдын ичинде жаңы президент үчүн жаңы имараттын курулары келген кабарлардын арасында орун алды. Бирок имараттын кайда курулары азырынча тактала элек. Ак Сарай 2004 -  жылдан бери маркум президент Ислам Каримовдун иш алып баруу офиси катары колдонулуп келген. Каримов Ак Сарайда негизинен чет элдик конокторду кабыл алган.

Акыркы кабарыбыз Казакстандандан. Казакстан 23 -  университеттер аралык кышкы оюндарга даярданууда.

2017  университеттер аралык кышкы оюндар 29 -  январь 8 -  февраль күндөрүнүн арасында Казакстандын маданият борбор шаары Алматыда өткөрүлөт. Университеттер аралык кышкы оюндарда бул жылы муз тебүү, лыжа тебүү, хоккей сыяктуу 12 спорт тармагында жарыштар өткөрүлөт. Даярдыктар акыркы баскычка келген университтер аралык кышкы оюндардын расмий билет офиси да ачылды. Расмий билет офисинин ачылышына казакстандык спортсмендер, университеттер аралык кышкы оюндардын элчилери, өнөрпоздор, белгилүү журналисттер менен блок жазуучулары катышты.

2017 университеттер аралык кышкы оюндар билет офисинин өзгөчөлүгү бул жерде материалдык абалы жетерсиз болгон жарандарга билеттердин сатылышы. Мисалы ардагерлер, майыптар жана университет студенттерине төмөндөтүлгөн баалда билеттер сатылат. Азыркы учурда университеттер аралык кышкы оюндардын бардык жарыштарына билет сатуулар башталды. Алматы шаарынын 8 жеринде өткөрүлө турган 117 жарыш үчүн билеттер онлайн да сатылат.

Казакстанда университеттер аралык кышкы оюндарынын факелин ташуучулар да белгиленди. Бул үчүн өлкө спорт, билим, маданият тармактарынын алдыкыларынан 1000 киши тандалды. Алматы шаарында болсо факелди  100 киши алып жүрөт. Казак улуттук университетинин студенти, Рио олимпиада чемпиону Дмитрий Баландин болсо оюндардын расмий элчиси болуп шайланды.

Казакстандын мурунку борбор шаары Алматы шаарында университеттер аралык кышкы оюндар менен бирге маданий иш чаралардын өткөрүлүшү да пландалууда. 20 -  январдан баштап Алматы театрлары, концерттик залдар, музейлер менен китепканаларда дүйнөгө белгилүү оюндар коюлуп, концерттер жана түрдүү көргөзмөлөр менен семинарлар өткөрүлөт.

1957 – жылдан бери эл аралык деңгээлде өткөрүлгөн эң чоң спорттук иш чаралардын арасында саналган университеттер аралык кышкы оюндарга Казакстан биринчи жолу 1993 -  жылы катышты.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинде университеттер аралык кышкы оюндарын өз жеринде өткөрө турган биринчи өлкө болгон Казакстанга 50 өлкөдөн 2000спортсмендин катышуусу күтүлүүдө.

Эл аралык жарыш түз эфири 80 өлкөдө 1 миллиард көрүүчүгө жеткирилет.



Тектеш кабарлар