Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 01

2017 -  жылдын ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдө төрөлүшүнүн 300 – жылында «Молдо Панах Вагыфты эскерүү жылы» деп жарыяланышына чечим чыгарылды

649157
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 01

Сүйүктүү окурмандар,, бул жылы жума сайын «Түрк дүйнөсүнөн кабарлар» программасы менен сиздердин назараңыздарда болобуз. Бул программанын максаты түрк дүйнөсүндөгү жаңылыктар менен угармандарды тааныштыруу.

Биринчи кабарыбыз Казакстан  тууралуу. Терроризм күч алган бул күндөрдө Казакстандан абдан чоң кабар келди деп айта алабыз.

Казакстанда террор менен күрөшүү мыйзамы кабыл алынды. Казакстандын президенти Назарбаев терроризм жана радикализмге карата чаралардын арттырылышын күткөн түзөтүүлөрдү бекитти.

Казакстанда акыркы мезгилдерде болгон террордук кол салуулардан кийин чаралардын күчтөндүрүлүшүн күткөн түзөтүүлөр мыйзамдаштырылды.  Президенттиктик басма сөз бюросу Президент Нурсултан Назарбаевдин андан мурда парламентте кабыл алынган жана терроризм менен радикализмге каршы күрөштө көрүлгөн чаралардын арттырылышына карата түзөтүүлөрдү камтыган мыйзамды бекиткендигин билдирди. Президент Назарбаевдин жолдомосу менен жасалган түзөтүүлөр, терроризмдин негизги финансылоочу каналдары болгон мыйзам тышы наркотикалык соода, курал сатуу жана миграция тармагында тыгыз чараларды күтүүдө.

Экинчи  кабарыбыз Азербайжанда болгон жыйын тууралуу. Түрк дүйнөсүнүн 2017 – жылдагы  маданият борбор шаары Түркстан болду. Жыйында «2017 - жыл түрк дүйнөсүнүн маданият борбор шаары» болуп Түркстан шаары  тандалды.

Азербайжанда Эл аралык түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙдун 34 -  мезгилдик туруктуу кеңешчисинин жыйыны жана 2016  түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаарынын жабылуу иш чаралар өткөрүлдү. ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн добуш бирдиги менен  өткөн жылы «2016  түрк дүйнөсүнүн маданият борбор шаары» болуп тандалган Шеки шаарында өткөрүлгөн жыйын жана иш чарага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Түркмөнстан, Молдовага караштуу Гагавуз Жери, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын маданият министрлери менен жетекчилер катышты.

Түрк Кеңеши түрк тилдүү өлкөлөр парламентарларынын ассамблеясы ТҮРКПА, Түрк академиясы, түрк маданий мурас фонду сыяктуу эл аралык мекемелердин өкүлдөрү да катышкан жыйынга Түркиядан  маданият жана туризм министрлигинин кеңешчиси Нихат Гүл катышты. Жыйында Түркстан шаарынын 2017 -  жылы түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары деп жарыяланышына чечим чыгарылды. Туруктуу  кеңеш 35 -  мезгилдик жыйынынын координаторлугунун Казакстандын маданият жана спорт министрлиги тарабынан аткарылышын жана жыйындын 2017 -  жылдын акырларында Түркстанда өткөрүлүшүн да бекитти. Айрыкча Азербайжан маданият жана туризм министрлигинин сунушу менен 2017 -  жылдын ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдө төрөлүшүнүн 300 – жылында «Молдо Панах Вагыфты эскерүү жылы» деп жарыяланышына чечим чыгарылды.

Эми Түркстан шаары тууралуу маалымат бере кетели.

Тарыхый маалыматтарга караганда 4 -  кылымда курулган, мурунку аты «Ясы» болгон Түркстан Кожо Ахмет Ясавунун туулган жана жашаган шаары катары билинет. Казакстандын ЮНЕСКО дүйнөлүк мурас тизмесине алынган биринчи тарыхый чыгарма болгон жана 14 -  кылымда Амир Тимур тарабынан курдуртулган Ясаву күмбөзү шаардын көркөмдүү курулуштарынын башында турат.

1992 -  жылы пайдубалы түптөлгөн Ахмет Ясаву казак – түрк университети да жайгашкан шаар тарыхый түзүлүшү, заманбап шаар турмушу жана  өзгөчөлүгү менен көңүлдөрдү бурууда.

Тарыхый Жибек Жолу багытынын негизги шаары болгон Түркстан бир жыл боюнча өткөрүлө турган иш чаралар менен ар башка тармактардан өнөрпоздордун, илимпоздордун жолугушуу жери болот.

Үчүнчү кабарыбыз маданият тармагы тууралуу жана дагы Азербайжанда өткөн чоң  аземден сөз кылабыз. Түрк дүйнөсүнүн аялдар кийим – кечеси дефильеси Азербайжанда өттү. Баку Юнус Эмре институтунун иш чарасы Анкара заманбап өнүгүү институту, дизайнер Гүлнаре Халилова, Мода үйү Казакстан, Ханум Мода агенттигинин жардамы менен «Салттан күнүбүзгө чейин түрк дүйнөсүнүн аял кийимдери дефильеси» 21 -  декабрда Азербайжандын борбор шаары Бакуда бир мейманканада өткөрүлдү. Дефилье коомдун жол башчылары менен маданий жана өнөрпоздордун катышыуусу менен ишке ашты.

Салттык оймолор менен кооздолгон кийимдердин көрүүчүлөрдүн жактыруусуна сунушталган кечеде сөз сүйлөгөн Баку Юнус Эмре институтунун директору Ибрахим Йылдырым  жана  депутат Ганире Пашаева иш чаранын маанисине басым жасап, түрк улуттук баалуулуктарынын сакталуусуна көңүлдөрдү бурду.

Иш чаранын ачылышын азербайжандык дизайнер Гүлнаре Халилова өлкөсүнүн улуттук баалуулуктарын толугу менен алдыга чыгарган, бири биринен кооз кийимдер орун алган атайын коллеция менен ачты. Баку  Европа  оюндарынын таанытылышынын негизинде Лондондо да көргөзмөгө чыккан коллекцияда Гүлнаре Халилова да сахнага чыкты.

Кечеде казакстандык  дизайнерлер Мадине Массакова, Гүлжан Ниеткабыл жана Ханым Айдаш, кыргызстандык Махабат Саманчиева менен Түркиядан дизайнер Илкнур Кочбыйык чыгармалары менен сахнадан орун алды.

Кече Гүлнаре Халилованын Азербайжан килем үлгүлөрүнөн алган «Килемдердин тили» аттуу атайын коллексиясына таандык кийимдердин көргөзмөсү менен аяктады.

Белгилүү ырчылар да сахнага чыккан кечеде сөз сүйлөгөн маданият жана туризм минисрлигинин элдик маданият филиалынын директору Фикрет Бабаев катышуучуларга сыйлыктарын тапшырды.



Тектеш кабарлар