Орусиянын Тынчтык күчтөрүн Карабахтан чыгаруу чечими

Хажыев Азербайжандын Карабах аймагына жайгаштырылган орус аскердик бөлүктөрүнүн чыга баштаганы тууралуу кабарга байланыштуу Азербайжан мамлекеттик маалымат агенттигине (AZERTAC) билдирүү жасады.

2129037
Орусиянын Тынчтык күчтөрүн Карабахтан чыгаруу чечими

Азербайжан президентинин кеңешчиси Хикмет Хажыев Орусия менен Азербайжандын лидерлери Карабахта жайгаштырылган Орусиянын Тынчтык күчтөрүн кызмат мөөнөтү бүтө электе аймактан чыгаруу чечимине келгенин билдирди.

Хажыев Азербайжандын Карабах аймагына жайгаштырылган орус аскердик бөлүктөрүнүн чыга баштаганы тууралуу кабарга байланыштуу Азербайжан мамлекеттик маалымат агенттигине (AZERTAC) билдирүү жасады.

Хажыев өз билдирүүсүндө: «Орусия менен Азербайжандын лидерлери Азербайжандын аймагында убактылуу кызмат өтөп жаткан Орусиянын Тынчтык күчтөрүнүн бөлүктөрүн кызмат мөөнөтү аяктаганга чейин аймактан чыгаруу чечимине келишти. Бул процесс азыр башталды. Азербайжан менен Орусиянын Коргоо министрликтери бул чечимди ишке ашыруу үчүн  керектүү жумуштарды жүргүзүүдө»,-деп айтты.

2020-жылдын 27-сентябрында башталып 44 күнгө созулган 2-Карабах согушу Азербайжан, Армения жана Орусиянын лидерлеринин 2020-жылдын 10-ноябрында үч тараптуу жарыялоосу менен аяктаган.

Декларацияга ылайык, Карабахтагы армян калктуу конуштардын жана Лачын коридору деп аталган Ханкенди-Лачын жолунун коопсуздугун камсыздоо үчүн аймакка 1960 аскерден турган жана «Орус тынчтык күчтөрү» деп аталган орус аскерлери жайгаштырылган.

 

5 жыл кызмат өтөй турган «Орус тынчтык күчтөрүнүн» кызмат мөөнөтү 2025-жылдын 10-ноябрында аяктайт деп күтүлгөн.



Тектеш кабарлар