Эрсин Татар Илхам Алиевге ыраазычылык билдирди

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2125699
Эрсин Татар  Илхам Алиевге ыраазычылык билдирди

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар Азербайжан Улуттук Парламентинин Кипр достук тобун түзүү чечими үчүн Азербайжандын президенти Илхам Алиевге ыраазычылык билдирди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Азербайжандын президенттигинин сүйлөшүү тууралуу билдирүүсүндө, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Татардын  Алиевге Азербайжан Улуттук Парламентинин Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен парламенттер аралык карым-катнаштарды өнүктүрүү үчүн  Түндүк Кипр Түрк Республикасы - Азербайжан достук тобун түзүү чечими үчүн ыраазычылык билдиргени белгиленди.

Билдирүүгө караганда Алиев Кипр достук тобунун Азербайжан жана  Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосундагы карым  - катнаштардын дагы да бекемделишне салым кошо тургандыгын белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар