Казакстандын батыш тарабын сел каптады
Бийликтин билдирүүсүнө караганда, 3 социалдык объекти, 5 кабаттуу үй жана 298 жеке турак жайды суу каптап калды.
Казакстанда калың кар эрип, жамгыр жаагандыктан Орал шаарында жана Батыш Казакстандын ар кайсы аймактарында сел жүрдү.
Бийликтин билдирүүсүнө караганда, 3 социалдык объекти, 5 кабаттуу үй жана 298 жеке турак жайды сел суусу каптап калды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан кооптуу аймактардагы турак жайлардан 30у бала 74 адам эвакуацияланды.
Облуста 1000ге жакын адам кардын суусун сордурууга тартылган.
Сел Абай районунун көптөгөн айылдарын да каптады.
Эриген суу аймактагы көпүрөнү бузуп, унаа кыймылы токтотулду.
Селден улам Абай облусунун Аягөз районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Өлкөнүн Костанай облусу да катуу жааган жамгырдын таасири астында калды жана Амангелди айылын сел каптады.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.