Казакстан менен Түркия Каспий кызматташтыгы боюнча жолугушуу өткөрдү

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен берилген маалыматка караганда министр Чингис Аринов борбор шаар Астанада улуттук коргоо министринин орун басары Билал Дурдалы жетектеген түрк делегациясы менен жолугушту.

2117004
Казакстан менен Түркия Каспий кызматташтыгы боюнча жолугушуу өткөрдү

Казакстан менен Түркиянын делегациялары Каспий деңизинде коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен берилген маалыматка караганда министр Чингис Аринов борбор шаар Астанада улуттук коргоо министринин орун басары Билал Дурдалы жетектеген түрк делегациясы менен жолугушту.

Жолугушууда деңизде коопсуздукту камсыздоо жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү үчүн кемелерди жана ресурстарды сактоо боюнча кызматташуулар бааланды.

Түркиянын маанилүү жана ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеген Аринов эки тараптуу карым-катнаштарда кеме куруу тармагындагы кызматташтыктын маанилүү элемент боло ала турганын белгиледи.

Аринов Каспий деңизинин Казакстан тарабындагы бөлүктөрүндө өзгөчө кырдаалдарга дароо чара көрө ала турган «профессионалдуу авариялык-куткаруу кызматын» түзүү каралып жатканын айтты.

Министр Аринов бул иш менен Каспий деңизинде коопсуздукту камсыз кылуу, мунайдын төгүлүшүнө, кеме кырсыктарына жана өрткө каршы чара көрүү, куткаруу иштери сыяктуу деңизде жана кургакта ар кандай операциялардын дароо аткарыла турганын белгиледи.

Түрк тарап сөз болуп жаткан кызматтын милдеттерине ылайыктуу заманбап технологияларды тартуулаган жолугушууда Каспий деңизинде коопсуздукту камсыздоо жаатында өз ара кызматташуу боюнча келишим түзүлдү.



Тектеш кабарлар